Намаз убактысы
Орозоky

АЯГЫ ООР АЯЛДАР ОРОЗО КАРМАШЫ КЕРЕКПИ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Аягы оор же эмизип жаткан аялдарга өзүнө же ичиндеги баласына коркунуч болсо, орозосун убактылуу токтотууга уруксат берилет.

«Фәтәуаи Һиндия» китебинде мындай деп айтылат: «Аягы оор жана эмизип жаткан аялдар өзүнө же баласына зыян тийип калуудан корксо, орозосун ача алат. Кийин (мүмкүнчүлүк болгондо) казасын кармайт. Орозосун бузганы үчүн каффарат төлөбөйт. «Хуласа» китебинде да ушундай айтылган.

Анас ибн Маликтен (Алла андан ыраазы болсун) жеткен хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) мындай дейт: «Чындыгында, Алла Таала сапарда жүргөн адамга орозо менен намаздын жарымын (намазды кыскартып окууга, орозодо ооз ачууга) уруксат берди, аягы оор жана эмизип жаткан аялдарга да орозону милдет кылган жок (орозодо ооз ачууга уруксат берди)» (Ахмад, Абу Дауд, Тирмизи, Насаи, Ибн Мажа).

Кандайдыр бир оорудан айыккандар (айыккандан кийин), сапарда жүргөндөр (кайтып келгенде), хайыз, нифас сыяктуу үзүрлүү абалдагы аялдар (мөөнөтү бүткөн соң), аягы оор жана эмизип жаткан аялдар (эмизүү мезгили бүткөндөн кийин) орозосунун казасын кармашат.

Алла Таала «Бакара» сүрөсүнүн 184-аятында: «Парыз орозо саналуу жана белгилүү күндөрдө гана кармалат. Араңарда бирөө ооруп калса же сапарда жүрүп орозо кармай албаса, (каза болгон күндөрүн) башка убакта кармасын», – деп буйруйт. Имам Бухари өзүнүн «Айяман мағдудат» (Саналуу күндөр) деген бөлүмүндө бул сөздү: «Эмизип жаткан же аягы оор (аял) өзүнө же баласына (зыян келет деп) корксо, экөө тең оозун ача алат, кийин (убагы келгенде казасын) кармайт», – деп түшүндүргөн.

Бирок, аягы оор жана эмизип жаткан аял орозо кармай алса, анда орозо кармаган жакшы. Алла Таала: «Билип койгула, орозо кармаганыңар өзүңөргө жакшы», – деген («Бакара» сүрөсү, 184-аят).

Ошондуктан аягы оор же эмизип жаткан аялдар мүмкүнчүлүгү болсо, орозону кечиктирбей өз убагында кармаган жакшы. Бирок орозо кармоо өзүнө же баласына зыян болсо, ошондой эле аны ишенимдүү жана тажрыйбалуу дарыгерлер тастыктаган болсо, анда орозосун убактылуу токтотууга шариат уруксат берет.

Хасан АМАНКУЛ

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.