Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

Аялдардын боёнушуна болобу?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Аялдарга жана кыздарга шарият чегинен чыкпастан кооздонуусуна, боёнушуна уруксат берилет [1]. Алла Таала Куранда мындай дейт:

قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ اللَّهِ الَّتِي أَخْرَجَ لِعِبَادِهِ وَالطَّيِّبَاتِ مِنَ الرِّزْقِ

«(Эй Пайгамбар!) "Алланын кулдары үчүн чыгарган кооздуктарын жана таза ырыскыларын ким арам кылды?" деп айт» [2].

Бул аят ар кандай кооздук буюмдарынын негизинен мубах (уруксат) экенине далил [3].

Жабирден келген хадисте: «Али Йеменден Алланын Элчисинин төөсүн алып келгенде, Фатиманын ихрамдан чыгып, боёлгон кийим кийип, көзүнө сүрме жакканын көрөт» [4], – деп айтылат.

Ошондуктан аялдарга сүрме колдонууга уруксат берилгендей эле, макияж жана башка боёк заттар менен боёнууга да болот. Бирок төмөнкү шарттар сакталышы керек:

  • Күйөөсүнүн жана махрамдарынын [5] алдында гана боёнуу; Булардан башка бөтөн эркектердин алдында, жука же калың боёк болбосун, боёнууга болбойт.

  • Зыяны болбошу керек;

  • Эри каза болгон аял идда мөөнөтүн күтүп отурбашы керек; Себеби аялга идда учурунда сүрме колдонууга, боёнууга, жыттуу май себинүүгө болбойт [6].

  • Адаб-ахлак чегинен чыкпашы жана салт-санаага каршы келбеши керек;

  • Ысырапка жол берилбеши керек;

  • Боёк заттардын курамында нажас, арам же суу өткөрбөгөн нерселер болбошу керек. Себеби аалымдар дааратта жуушу керек болгон жерлерге жана гусулда бүт денеге суу жеткирүү керектигине бир пикирде [7].

КМДБ Шарият жана фатва бөлүмү

[1] Камал ибн Хумам, «Фатху ал-Кадир», 2/347. Аз-Зайлаги, «Табийну ал-хакайык», 1/331. Ал-Хаттаб, «Мавахибу ал-Жалил», 4/230. Аш-Шибини, «Мугни ал-Мухтаж», 3/400. Ал-Бухути, «Шарх Мунтаха ал-Ирадат», 2/114. Самия Хаяша, «Навазилу зинату ал-марати фи ал-фикхи ал-исламия», 26.

[2] Аъраф» сүрөсү, 32-аят.

[3] Ал-Касими, «Махасину ат-тавил», 5/46.

[4] Муслим, №1218.

[5] Махрам – аялдын күйөөсү жана эч качан үйлөнүүгө болбой турган эркек туугандары. Алар: атасы, чоң атасы, уулдары, бир тууган агалары, алардын уулдары, эже-сиңдилеринин уулдары, атасынын бир тууган агалары, таякелер, күйөөсүнүн атасы (кайын ата), чоң атасы, күйөөсүнүн башка аялдарынан болгон уулдары, сүт эненин күйөөсү, уулдары. Ошондой эле сүт эненин атасы, күйөөсү, агалары, уулдары жана андан эмген башка эркектин уулдары. Себеби шариятта бир эненин сүтүн эмгендер да бири-бирине үйлөнө албайт.

[6] «Фатху ал-Кадир», 4/340. «Ал-Иная», 4/336.

[7] «Ал-Маусуату ал-муйассарату фи фики ал-кадая ал-муасара», 58.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.