Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) мусулман аялдарга парз намаздарды мечитке барып, жамаат менен окууга уруксат берген. Бирок шариатта бул маселеге белгилүү талаптар коюлат. Тактап айтканда, аял киши мечитке барганда эркектер менен аралашпашы, жыттуу сүртпөшү керек.
Алла Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Алланын кулу – аялдарды Алланын мечиттеринен тоспогула. Бирок алар мечитке барганда жыттуу нерсе колдонбосун», – деген (Абу Дауд). Бул хадисте аялдарды жамаат намазына баруудан тоспоону буйруп, аларды бөтөн эркектердин көңүлүн бура турган бардык иштерден тыйылуу керектиги айтылууда.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, халифа Омар (Алла андан ыраазы болсун) доорунда аялдардын мечитке баруусуна тыюу салынган. Ошол учурда жашаган улуу сахабалардын эч кимиси Омар (Алла андан ыраазы болсун) чыгарган бул чечимге каршы чыккан эмес. Кээ бир аялдар Айша энебизге (Алла андан ыраазы болсун) келип: «Пайгамбарыбыздын учурунда тыюу салынбаган нерсеге бүгүн тыюу салынып жатат», – деп нааразы болушканда, Айша энебиз мындай деп жооп берген: «Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) бүгүнкү аялдардын абалын көрсө, (өз убагында) Бани Исраил аялдары (мечитке баруудан) кайтарылгандай, аларды да сөзсүз кайтармак», (Бухари, Муслим).
Бани Исраил аялдарына бир мезгилде ибадатканага барууга уруксат берилген, бирок кийинчерээк мечитте эркектер менен аралашуу сыяктуу шариатка каршы иштер пайда болгондо, аларга ибадатканага барууга тыюу салынган.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Аялдын короосунда окуган намазы үйүндө окуган намазынан артык. Үйүндө окуган намазы болсо, өзүнүн бөлмөсүндө окуган намазынан кем», – деген (Абу Дауд, Баззар). Демек, аял намазды канчалык элдин көзүнөн алыс жерде окуса, ошончолук жакшы иш экени айтылууда. Себеби аялдар элге көрүнгөн жерде намаз окуса, намахрамдардын көзү түшүп, шариатка каршы иштерге себеп болушу мүмкүн.
Мулла Али Кари (Алла аны рахым кылсын) бул маселени ар тараптан изилдеп, мындай жыйынтык чыгарган: «Бардык намаздарды окуу үчүн жаш кыздарга гана эмес, кары аялдарга да мечитке келүүгө тыюу салынат деген өкүм тандалды» (Фатху баб ал-гинаая, 1/413). Демек, Ханафи мазхабында аялдардын жашы-карысы дебей, жамаат намаздарына ачык катышуусу, ошондой эле жума жана айт намаздарына баруусу жактырылбайт.
Бирок ажылык жана умра сапарында аялдар өз махрамдары менен бирге ошол жерде жамаат намаздарына катыша алышат. Бул чечим ыйык эки шаарга таандык өзгөчөлүккө байланыштуу. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн же аймактардан келип, намаз окууга мечиттен башка ылайыктуу жай табылбаса, же ошол шаарда жашап, үйүнө барса намаз убактысы өтүп кетсе, аялдар мечитке кирип, эркектерге аралашпай намаз окуса болот. Калган учурда аялдар намазын үйүндө окуганы жакшы.
Хасан АМАНКУЛ
« Мунара » гезити, №5, 2023-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.