Шарият боюнча аял киши күйөөсү каза болгондон кийин же ажырашкандан кийин белгилүү убакыт күтүү милдеттүү. Бул учурда аялга куда түшүүгө да, турмушка чыгууга да болбойт.
Куран Кәримде: «Күйөөсүнөн ажырашкан аялдар (башка эркекке турмушка чыккандан мурда) үч хайыз (этек кир) мөөнөтүн күтүшү керек» , – деп айтылат («Бакара» сүрөсү, 228-аят).
Этек кири келбеген же жашы өтүп этек кири токтогон аялдардын күтүү мөөнөтү (иддасы) үч ай, ал эми кош бойлуу аялдыкы төрөгөнгө чейин уланат. Бул тууралуу Куран Кәримде:
«Ал аялдарыңардан этек кирден үмүтүн үзгөндөр болсо, эгер (алардын мөөнөтү тууралуу) күмөн санасаңар, анда алардын, ошондой эле этек кири келбегендердин иддалары – үч ай. Ал эми кош бойлуу аялдардын күтүү мөөнөтү – балдарын төрөгөнгө чейин» , – деп айтылган («Талак» сүрөсү, 4-аят).
Күйөөсү каза болгон аялдын идда мөөнөтү – төрт ай он күн. Бул тууралуу Куранда мындай айтылган:
«Араңарда бирөө каза болсо, артында калган жесирлери (турмушка чыкпай) төрт ай он күн күтөт» («Бакара» сүрөсү, 234-аят).
Ал эми кыргыздын салтында күйөөсү каза болгондон кийин жыл өтпөй аялдын турмушка чыгуусу уят деп эсептелет.
Күтүү мөөнөтүндө аялдын кош бойлуу же кош бойлуу эместиги аныкталат. Эгер боюнда бар болсо, баланын теги чаташпайт. Ошондой эле аял киши идда мөөнөтүн күтүп, маркум күйөөсү менен өткөн никелүү жашоосуна урмат көрсөтөт.
Никеси кыйылган, бирок күйөөсү менен оңаша болбогон (жыныстык катнашка барбаган) кыз же аялга талаак берилгенден кийин идда мөөнөтүн күтүүсү милдеттүү эмес. Ал идда мөөнөтүн күтпөй эле башка эркекке турмушка чыга алат.
Жыйынтыктап айтканда, ажырашкан аялдын шарияттагы күтүү мөөнөттөрү төмөнкүчө:
Күйөөсүнөн ажырашкан жаш аялдын иддасы – үч хайыз мөөнөтү.
Жашына байланыштуу этек кири токтогон же белгилүү себеп менен этек кири келбеген аялдын ажырашкандан кийинки күтүү мөөнөтү – 3 ай.
Кош бойлуу кезинде күйөөсү менен ажырашкан аялдын күтүү мөөнөтү баласын төрөгөнү менен аяктайт.
Күйөөсү каза болгон аялдын идда мөөнөтү – 4 ай 10 күн.
Никеси кыйылган, бирок күйөөсү менен оңаша болбогон кыз же аялга талаак берилгенден кийин идда мөөнөтүн күтүүсү милдет эмес.
Шарият боюнча (юридикалык) ажырашкандан кийин аялдар жок дегенде ушул айтылган мөөнөттү күтүп, андан кийин башка адамга турмушка чыга алышат. Ал эми аял өз күйөөсү менен кайра никелешүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана жарашып жатса, айтылган мөөнөттү күтпөй эле нике кыйып, кайра кошула алышат. Бирок Алла Таала жөнөкөй себептер менен ажырашкан жубайларды жактырбайт. Ошондуктан мусулман жубайлар бири-бирин сыйлап, кечиримдүү болуп, балдардын келечегин ойлоп, сабырдуулук көрсөтүп, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылышы керек.
Даярдаган Хасан АМАНКУЛ
«Мунара» гезити, №19, 2020-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.