Куранда имам Мади жана анын келиши тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок Абу Дауд, Тирмизи, Ибн Мажа, Табарани, Абу Ягла, Баззаз, Ахмад ибн Ханбал сыяктуу хадис аалымдары улуу сахабалардан Имам Мади тууралуу бир топ хадистерди жеткирген. Айрым хадистерде Имам Мадинин аты ачык айтылса, башкаларында кыйыр түрдө баяндалган. Ибн Халдун сыяктуу кээ бир аалымдар бул тууралуу келген хадистерди алсыз деп эсептеген.
Диний булактарда ал тууралуу мындай деп айтылат: «Акырзаман жакындаганда Мекке менен Мединада имам Мади пайда болот. Бир халифа каза болуп, мусулмандар арасында баш аламандык чыгат. Мединадан бир киши Меккеге качып чыгат. Меккелик бир топ адам аны тосуп алып, өзү каалабаса да Рукн менен Макомдун ортосунда ага байъат беришет. Мына ошол киши имам Мади болот.
Ал Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) үй-бүлөсүнөн, Хазрети Али менен Фатима энебиздин уулу имам Хасан тукумунан (Аллах аларга ыраазы болсун) болот. «Мади» (махди) деген сөз «түз жолдо жүргөн жана башкаларды да түз жолго баштаган» деген маанини билдирет.
Имам Мадига каршы Шам аймагынан аскер жөнөтүлөт. Мекке менен Медина ортосунда аларды жер жутуп кетет. Бул кабарды уккан Шам менен Ирак аймагынын улуу адамдары келип, имам Мадига кол беришет.
Андан кийин ал Куддус мечитине барат. Ошол учурда Дажжал да келет. Артынан Шам аймагындагы Дамаск шаарындагы чыгыш мунарага Иса (ага Аллахтын саламы болсун) пайгамбар түшөт. Ал да Дажжал менен согушууга келет. Экөө бирге Дажжалды өлтүрүшөт. Андан кийин экөө намаз окуганда Иса пайгамбар имам Мадини имамдыкка чыгарат (Шарх китаб ал-фикх ал-акбар, 191-192-беттер).
Имам Мади адамдар арасында Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) сүннөтүн жайылтат. Ошентип Ислам дини жер жүзүндө толук орнойт. Имам Мади жоомарт адам болот. Ал бардык байлыгын элге таратып берет, аны эсептебейт. Ал жети жыл халифа болот. Каза болгондо мусулмандар анын жаназасын окушат».
Ахли сүннөт валь жамаат өкүлдөрү Имам Мадинин чыгышына ишенишет. Анын чыгышын танган адамды каапыр деп эсептешпейт.
Даярдаган Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №22, 2021-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.