Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨНҮН ДИНДЕГИ ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Алимент деген эмне – бул бир адам экинчи адамга, ал алууга укуктуу болгон учурда, акчалай же материалдык каражат түрүндө берүүгө милдеттүү болгон төлөм. Алименттин эң кеңири тараганы – баланы багууга төлөнүүчү каражат. Шариятта алимент деген түшүнүк болбосо да, напака менен камсыз кылуу түшүнүгү бар. Башкача айтканда, үй-бүлө башчысынын жоопкерчилигиндеги адамдарды керектүү нерселер (азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кече, турак-жай ж.б.) менен камсыз кылуу милдети.

Кичинекей балдардын напакасы белгилүү бир жашка жеткенге чейин атанын мойнунда болот. Напакага баланын тамагы, кийими, ооруса дарылатуу сыяктуу чыгымдар кирет. Ал тургай, бала чоңоюп, окуп же майып болуп, иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо да, атасы баласын напака менен камсыз кылууга милдеттүү. Ал эми кыз баланы турмушка чыкканга чейин багып-кагып турат.

Атасы ажырашып кеткен күндө да, баласына болгон жоопкерчиликтен жана милдеттен бошобойт. Идда мөөнөтү бүткөнгө чейин аялына, белгилүү бир жашка жеткенге чейин балдарына напака берип турат. Алла Таала бул тууралуу мындай дейт:

«Бала эмизген энелерди тамак-аш жана кийим-кече менен коомдогу адатка ылайык жакшы камсыз кылуу – баланын атасынын милдети. Эч кимге күчүнөн ашык милдет жүктөлбөйт», – деген («Бакара» сүрөсү, 233-аят).

Имам ибн Мунзир: «Атанын кичинекей балдарына напака берүүгө милдеттүү экенине бардык аалымдар бир ооздон макул болушкан. Себеби бала – адамдын жүрөк тести. Өзүн азыктандырууга милдеттүү болгондой эле, баласын да багууга милдеттүү», – деген.

Атасы иштөөгө мүмкүнчүлүгү болсо, балдарынын напакасы анын мойнунда болот. Напаканы ар бир ата өз мүмкүнчүлүгүнө жараша берет. Алла Таала Куранда мындай дейт:

«Кеңири мүмкүнчүлүгү бар адам (колундагы аялына, балдарына) мүмкүнчүлүгүнө жараша (кенен) напака берсин. Ал эми ырыскысы чектелүү адам Алла берген мүмкүнчүлүгүнө жараша напака берсин», – деген («Талак» сүрөсү, 7-аят).

Ар бир ата-эне балага жооптуу, перзент аларга аманат. Урматтуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун):

«Баарыңар кайтаруучусуңар, баарыңар кол алдындагыңарга жооптуусуңар. Башчы – адамдарга кайтаруучу, кол алдындагы адамдарга жооптуу. Эркек – үй-бүлөсүнө кайтаруучу, кол алдындагы адамдарга жооптуу. Аял – күйөөсүнүн үйүнө жана баласына кайтаруучу жана аларга жооптуу», – деген.

Ошондуктан ажырашкан учурда да атанын балдарын багып-кагуусу (алимент төлөөсү), аларга жакшы тарбия берүүсү шарият боюнча милдет. Аны төлөөдөн качуу, кирешесин жашырып, аз өлчөмдө төлөө – күнөө. Эркектер бул күнөөсү үчүн бул дүйнөдө мыйзам алдында, акыретте Алланын алдында жооп беришет.

Медет КУРМАШ уулу,

«Иман» журналы, №2, 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.