Намаз убактысы
Тамак-аш (халал/арам)ky

АНТИСЕПТИК КОЛДОНУУГА БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтар кооптуу бактерияларды, вирустарды жана микробдорду зыянсыздандыруу үчүн антисептик колдонууга талап коюшат. Азыр коронавирус жуктуруп албоо максатында дээрлик бардык мекемелерде, соода борборлорунда, ал тургай үйлөрдө да антисептик кеңири колдонулууда. Антисептиктин негизги курамы спирт болгондуктан, бул тууралуу мусулмандар арасында суроолор жаралууда.

Абу Ханифа менен Абу Юсуфтун көз карашына ылайык, жүзүм жана курмадан башка заттардан жасалган спиртти антисептик катары колдонууга уруксат берилет. Азыркы медициналык спирттер жүзүм же курмадан алынбаганы белгилүү.

Антисептик катары колдонулган суюктук, медициналык спирт нажис болуп эсептелбейт. Анткени ар бир харам нерсе нажис боло бербейт. Мисалы, баңги заттар менен уулардын өкүмү харам, бирок өзү таза. Курамында спирти бар атырлар, спирт аралаш суюктуктар денеге же кийимге тийсе нажис болбойт, тийген жерин жууш да милдеттүү эмес.

Эгер атайын антисептик заттар же медициналык спирт табылбаса, зарылчылык өкүмүнө таянып, спирттик ичимдиктерди да антисептик катары колдонууга шариат уруксат берет. Бирок ал нажис болгондуктан, намаз окуганда спирттик ичимдик тийген жерди жууп салуу шарт.

Хасан АМАНКУЛ,

Шариат жана пәтуа бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.