Намаз убактысы
Акидаky

«Ауру жукпайт» деген хадисти кантип тушунобуз?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун): «Ауру жукпайт, куштардын учуп откону жаман жышаан эмес. Мен жакшыга жоруну жактырам», – деп айткан. Сахабалар: «Жакшыга жоруу деген эмне?» – деп сурашканда, Пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун): «Жакшы соз», – деп жооп берген (Бухари, Муслим).

Жахилият доорунда (Исламга чейин) арабдар «Аурулар оз алдынча куч-кубатка ээ, бир организмден экинчисине ошол куч менен отот» деп ишенишкен. Азыр болсо, ар ким «Жугуштуу оорулар башка адамга жугары илимий жактан далилденген» деп айтканы мыйзам ченемдуу.

Бирок бул хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мусулмандын бул маселеде кандай ишенимде болушу керек экенин тушундургон. Тактап айтканда, биздин акыдабызга (диндик ишенимибизге) ылайык, оорулуу адамдын оорусу озунон-озу башка адамга жукпайт. Эгер жукса да, Аллах Тааланын каалоосу, билими, тагдыры жана чечими менен жугат. Жугуштуу оорулуу адам менен ден-соолугу жакшы адамдын аралашуусу оорунун жугушуна себеп болот. Бирок биз, мусулмандар, толук ишеним (100 пайыз) менен "оору жугат" дебейбиз, Аллах кааласа жугат деп айтабыз. Себеби, жашоодо жугуштуу оору ден-соолугу жакшы адамдарга таасир этпеген учурлар коп кездешет.

Исламга чейин араб коомунда ар кандай ырым-жырымдарга ишенуу кенири тараган. Мисалы, куштардын учуусуна карап жакшы же жаман жорум чыгарышкан. Бир ишти кылууда же кылбоодо шектенсе, куш учурушкан. Эгер куш онго учса, ишти башташкан, солго учса, баштабай коюшкан. Эгер куш түз учса, кайра учурушкан. Ислам дини мындай ырым-жырымдарды жокко чыгарган.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) жашоодогу принциптери ар дайым жамандыкты ойлоп, ар нерседен коркуп, кайгыга батуу эмес, тескерисинче, кандай кырдаал болбосун, жакшыга жоруп, келечекке умут менен караган. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) «жакшы соз» дегени – ар дайым жакшы соз айтып, алдыдагы кундордон жакшылык кутуу болгон.

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун): «Оорулуу адамды ден-соолугу жакшы адамдын алдына алып келбегиле», – деп айткан (Бухари). Бул жерде туйолор тууралуу айтылган. Тактап айтканда, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) оорулуу туйону ден-соолугу жакшы туйого кошуп сугарууга тыюу салган. Себеби, ден-соолугу жакшы туйо да ооруп калса, ээси "оору жуккан экен" деп кейий баштайт.

Бул мааниде башка хадистер да бар. Биринде «оору жукпайт» десе, экинчисинде «жугуштуу оорудан сактануу керек» деп айтылат. Бул жерде «оорунун озунон-озу жукпашы» ишеним маселеси экени, «жугуштуу оорудан сактануу» болсо динибиздин талабы экени белгилуу болот. Ислам дини ар дайым жугуштуу оорудан сактануу чараларын колдонуп, эпидемиянын зыянынан Аллах Таалага сыйынууну осует кылат. Жугуштуу оорулар тууралуу маалыматтар илгертен белгилуу. Ошондуктан, «оорунун жугушу» илимий жактан биринчи далилдегендер да мусулмандын дарыгерлери экенин билген дурус.

Орто кылымдагы аалым Абу Али ибн Сина (980-1037) оз эмгектеринде айрым оорулардын оорулуу адамдан же жаныбарлардан жугуп, бат тараларын, ага козго корунбогон «миазмалар» себеп болорун жазган.

Атактуу немис аалымы Зигрид Хункенин «Аллахтын нуру Европаны жаркыратты» деген китебинде: «1348-жылы Андалусиялык (азыркы Испания) мамлекеттик ишмер, дарыгер, Гренада султанынын вазири Ибн ал-Хатиб оорунун оорулуу адам аркылуу жугарын жана тараларын илимий макалада жазган. Оорунун жугушу жана анын коркунучтары, ошондой эле анын зыянынан сактануу жолдорун ойлоп тапкан. Муну менен мусулмандар адамзатка баа жеткис кызмат кылган», – деп айтылат (275-276-беттер). Кыргыз аалымы Өтөйбойдақ Тилеккабыл уулунун (1397-1492) VI кылымда жазган «Шипагерлик баян» деген эмгегинде оорунун пайда болушун адамдын денесине курттардын (козго корунгон жана корунбогон) кириши менен тушундургон.

Хасан АМАНКУЛ

«Мунара» гезити, № 6, 2020-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.