Намаз убактысы
Башкаky

АВТОМАТ КИР ЖУУГУЧ МАШИНА МЕНЕН ЖУУЛГАН КИЙИМ ТАЗА БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Тазалык – биздин диндин эң негизги принциптеринин бири. Себеби көптөгөн ибадаттардын кабыл болуусу дал ушул тазалыкка түздөн-түз байланыштуу. Ар бир мусулман үчүн эң улуу ибадат – намаз экени белгилүү. Намаздын сырткы парздарынын бири – денебиз, кийимибиз жана намаз окуй турган жерибиздин нажастан таза болушу шарт.

Алла Таала Куранда «Кийимиңди тазала» [1] деп айткан.

Ошондуктан мусулман адам шариат нажас деп көрсөткөн нерселерден денесин, кийимин жана ибадат кылуучу жерин дайыма таза кармоого өзгөчө көңүл бурушу керек. Ошондой эле мусулман адам шариатта арам, нажас деп эсептелген нерселерди билиши абзел.

Жалпысынан, нерселерге нажас тийсе, алар ар кандай жолдор менен тазаланат. Мисалы, айнек, бычак, күзгү сыяктуу нерселер сүртүп тазаланат. Жер кургап тазаланат. Кийимге тийген нажас, эгер кан сыяктуу көрүнүп турса, аны кетирүү менен тазаланат. Эгер кийимге, денеге же башка нерсеге тийген нажас канча жолу жуулса да такы калып калса, анда ал зыян эмес. Ал эми көзгө көрүнбөгөн нажас болсо, анда алгач жууп, анан сыгып алуу керек. Нажас бир жуугандан кетсе да, нажас тийген жерди үч жолу жуу жакшы. Башкача айтканда, нажастын жыты, түсү, даамы кетсе, кийим таза деп эсептелет.

Таза кийим нажас кийим менен аралашып, бир идиште жуулса, баары нажас болуп калат. Ал эми автомат кир жуугуч машина менен жуулган кийимге келсек, ал таза болуп эсептелет жана алар менен ар кандай ибадаттарды аткарууга болот. Автомат кир жуугуч машиналарда жуулган кийим тууралуу Мисирдин Фатва комитети төмөнкүчө жыйынтык чыгарган [2]:

فتطهير الملابس بوضعها في الغسالات الأوتوماتيكية أبلغ في الطهارة من غيرها؛ لإزالتها عين النجاسة من الطعم واللون والريح أولًا بعدة غسلات، ثم إزالة حكمها بعدة غسلات، الأمر الذي ينقي الملبس من النجاسة تنقية بالغة.

«Кийимдерди автомат кир жуугуч машиналарда жуу башка ыкмаларга караганда жакшыраак тазалайт. Анткени алгач бир нече жолу жуу менен нажас толугу менен кетет. Андан кийинки жуууларда көзгө көрүнбөгөн нажастар да жоголот. Автомат кир жуугуч машиналарда жуу – кийимди бардык түрдөгү нажастан толук тазалайт» деп айтылган.

Демек, автомат кир жуугуч машинада жуулган нажас кийимдерге атайын порошок кошулуп, кийим бир нече жолу айланып жуулат. Ошентип жууганда нажас сууга тарап, кийимдеги нажас толук кетет. Андан кийин колдонулган суу сыртка агып чыгып, кийим сыгылып, кайра таза сууга чайкалат. Акыры автомат машиналар кийимди бир нече жолу (4-5 жолу) жууп, ар бир жууган сайын сууну сыртка чыгарып, кайра чайкайт.

Ханафи мазхабында нажасты таза суу менен, ошондой эле гүлдүн, мөмөнүн ширеси сыяктуу суюктуктар менен тазалоого болот [3]. Ошондуктан, самын, порошок кошулган суу менен кийим жуулса, таза деп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, автомат кир жуугуч машина менен жуулган кийим бир нече жолу жуулуп, ар бир жууган сайын колдонулган суу сыртка агып, кийим сыгылып, чайкалганы үчүн ал кийим таза деп эсептелет. Бул өкүм автомат кир жуугуч машиналарга тиешелүү. Ал эми жарым автомат же башка түрдөгү кир жуугуч машиналарга бул өкүм тиешелүү эмес. Алла Таала жакшы билет.

Шариат жана фатва бөлүмү

  • [1] «Муддассир» сүрөсү, 4-аят.

  • [2] https://www.dar-alifta.org/ar/ViewResearch.aspx?%20sec=fatwa&ID=151

  • [3] «Марақи ал-Фалах», 68-бет.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.