Намаз убактысы
Башкаky

БАЛАНЫ КАНЧА ЖАШЫНДА СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУ КЕРЕК?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Сүннөт – Ислам дининде жана кыргыз салтында эркек баланын жыныс мүчөсүн жаап турган терини кесүү аркылуу аткарылуучу диний жөрөлгө. Араб тилинде «әл-хитан», медицинада «циркумцизия» деп аталат.

Медициналык адистер бул жөрөлгөнүн адамдын ден соолугуна пайдалуу экенин жана сүннөт аркылуу жыныс мүчөсү аркылуу жугуучу көптөгөн оорулардын алдын алууга болорун белгилешет. Ал эми шариат боюнча эркек баланы сүннөткө отургузуу – Пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) сүннөтү.

Хадисте беш фитраттын (жаратылыштын) бири катары сүннөткө отургузуу айтылган. Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) жеткен хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) мындай дейт:

«Адамдын табиятында бул беш нерсе бар: сүннөткө отургузуу, жамбаш жана колтуктагы түктү тазалоо, тырмак алуу жана мурутту кыскартуу» (Бухари, Муслим).

Элибиз баланы так сандарда, башкача айтканда үч, беш, жети жашында сүннөткө отургузган. Ал эми шариатта сүннөттүн так убактысы белгиленген эмес. Кээ бир аалымдар Пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) неберелери Хасан менен Хусейн төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү курмандык чалып, аларды сүннөткө отургузганы тууралуу хадиске таянып, ушул убакта сүннөткө отургузуу мустахаб дешкен. Себеби бул убакта сүннөткө отургузса, балага жеңил болот жана жарасы да бат айыгат.

Ханафи мазхабынын көрүнүктүү аалымы Ибн Абидин өзүнүн «Хашия» эмгегинде: «Имам Абу Ханифа атайын далил келбегендиктен, сүннөттүн шариаттагы так убактысын аныктап айткан эмес. Ханафи мазхабынын кийинки муундагы аалымдарынын айрымдары жети менен он эки жаштын ортосунда сүннөткө отургузууну туура көрүшкөн. Анткени жети жашка чыккан бала өз алдынча тамак ичип, кийимин кийе алат. Ошондой эле ушул жаштагы баланы намазга үйрөтүү – мустахаб», – деген.

Ханафи мазхабынын көптөгөн аалымдары «Бахру ар-Райқ» китебинде сүннөттүн белгилүү убактысы жок экенин, баланын сүннөттү көтөрө ала турган мезгилинен баштап балигат жашына чейин жасала берерин айтышкан. Эгер бала алсыз болуп, сүннөттү көтөрө албайт десе, белгилүү убакытка чейин кечиктирсе болот. Эгер бала сүннөттүү болуп төрөлсө, кайра сүннөткө отургузуунун кереги жок. Башка себептерден улам балигат жашына чейин сүннөткө отургузулбаса, аны тезирээк сүннөткө отургузуу зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, сүннөткө отургузууну балигат жашына чейин кечиктирбеген жакшы. Шариатта сүннөткө отургузуунун так убактысы белгиленбегендиктен, баланын ден соолугу сүннөттү көтөрө алабы – ошого көңүл буруу керек. Ошондой эле сүннөт ден соолукка байланыштуу маселе болгондуктан, ар бир ата-эне дарыгерлер менен кеңешип, баласын сүннөткө отургузуунун убактысын өзү аныктаганы туура.

Медет КУРМАШ уулу,

«Иман» журналы, №3, 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.