Намаз убактысы
Башкаky

БИР ЖЫНЫСТУУ МАМИЛЕ ЖӨНҮНДӨ ДИН ЭМНЕ ДЕЙТ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Бүгүнкү күндө адамды руханий жактан бузууга багытталган аракеттер атайылап жайылтылып жатат. Алардын бири – бир жыныстуу мамиле. Шариат мындай мамилени оор күнөөлөрдүн катарына кошот.

Эркек менен эркектин же аял менен аялдын жыныстык мамилеге барышы – Лут пайгамбардын (ага Алланын саламы болсун) эли жасаган жаман иш. Алла Таала Куранда мындай дейт:

«Лут ошол кезде элине: "Силерден мурда дүйнөдө эч ким жасабаган уят ишти кылып жатасыңарбы?" – деди. "Силер аялдарды таштап, эркектерге кызыгасыңарбы? Албетте, силер чектен чыккан элсиңер" («Аъраф» сүрөсү, 80-81-аяттар), «Лутка да хикмет, илим бердик. Жаман иштерди кылган шаардан куткардык. Чынында алар бузук эл эле» («Анбия» сүрөсү, 74-аят), «Чындыгында, аларга таш жааган бороон жөнөттүк. Бирок Луттун үй-бүлөсүн таң атканда куткардык» («Камар» сүрөсү, 34-аят) деп айтылат.

Бул аяттарда Лут пайгамбардын (ага Алланын саламы болсун) элине түшкөн жаза тууралуу айтылат. Ошентип, Алла Таала шариатка каршы жыныстык мамиленин жазасы оор болорун эскертүүдө.

Улуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) мындай деген:

«Үммөтүм үчүн эң кооптонгон нерсе – Лут элинин иши» , – деп айткан (Тирмизи, Ибн Мажа).

Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун) жеткирген хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) мындай деген:

«Жаныбар менен жыныстык мамилеге баргандар Алла Тааланын каргышына кабылсын! Лут элинин кылган ишин кылгандар да Алланын каргышына кабылсын!» (Ахмад).

Эркек менен жыныстык мамилеге барган эркек жана аял менен жыныстык мамилеге барган аял өз табиятына (фитрага) каршы иш кылган болуп эсептелет. Себеби Алла Таала эркекти аялга, аялды эркекке тартылуучу кылып жараткан. Жаныбарлар да дал ошондой. Эркеги ургаачысына, ургаачысы эркегине тартылат. Башкача болушу табиятка каршы. Бир жыныстуу адамдардын бири-бири менен жыныстык мамилеге барышы ар кандай ооруларга алып келет. Бул үй-бүлөнүн бузулушуна, туугандык мамиленин жок болушуна себеп болот. Адам баласы Алла Тааланын буйруктарын жана тыюуларын аткаруу менен гана амандыкка, коопсуздукка, абийирине жана ден соолугуна жетише алат. Ошондой эле адам баласы Алла Тааланын айтканын аткаруу менен гана жаралышын табигый жолдо уланта алат.

Алла Таала адамзатты башынан эле жуп кылып, башкача айтканда, эркек менен аял кылып жараткан. Бул тууралуу Куранда:

«...силерди бир кишиден жараткан жана андан анын жубайын жаратып, экөөнөн көптөгөн эркек, аял тараткан Эгеңерден корккула» («Ниса» сүрөсү, 1-аят), – деп айтылат. Ошондой эле «Силерди жуп-жуп кылып жараттык» («Наба» сүрөсү, 8-аят) деп айтылат.

Жараткан Эгебиз эркек менен аялды бири-бирин физиологиялык жана руханий жактан толуктоо үчүн жуп кылып жараткан. Алар бири-бирине болгон сүйүү менен өз ара биримдик түзүшү керек. Бул биримдиктин эң негизги максаты – урпак калтыруу. Исламда бир жыныстуу адамдардын өз ара жыныстык мамилеси кабыл алынбайт, себеби бул түшүнүккө каршы келет.

Исламда зынаа кандай харам болсо, бир жыныстуу эки адамдын өз ара жыныстык мамилеси да – харам. Куранда мындай бузуктуктар «аль-фахиша», башкача айтканда «уятсыздык, бузукулук» деп аталат. Уятсыздык (фахиша) – бир жыныстуу эки адамдын өз ара жыныстык мамиледе болушу. Күнөөгө белчесинен баткан Лут эли өз жазасын алган. Алар таңга жуук толугу менен жок кылынган.

Адамзат тарыхында Алла Тааланын мыйзамын, адамгерчилик мыйзамын (кылмыш кодексин) тебелегендер ар дайым болгон. Бирок алар мыйзамды бузуп, бул дүйнөдө административдик же кылмыш жоопкерчилигинен качып кутулса да, акырет күнү аларды жараткан Алла Тааланын адилет сотунан кутула алышпайт. Атүгүл динсиз адам да кылмыш кылганда абийири алдында азап тартпайбы? Кимдир бирөө уялып күнөөдөн кайтып, кимдир бирөө бул сезимге көңүл бурбайт. Бул абал ал үчүн ар тараптан кооптуу.

КМДБ Шариат жана фатва бөлүмү

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.