Намаз убактысы
Дуба жана зикирky

БИРНЕЧЕ АДАМ ОКУГАН КУРААН ХАТЫМ БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Чынында, Куран окуу – бул чоң ибадат, зикирлердин эң жакшысы. Анткени Куран окуу менен адамдын ыйманы бекемделет. Анын сообу абдан көп, аны Алла Тааладан башка эч ким билбейт.

Абдулла ибн Масъуддан (Алла андан ыраазы болсун) жеткен хадисте Алланын Элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун): «Ким Алланын китебинен бир тамга окуса, ага бир сооп (берилет). Бир сооп он соопко тете. Алиф, лам, мимди бир тамга деп айтпайм. Алиф – бир тамга, лам – бир тамга, мим – бир тамга», – деген (Тирмизи).

Фаруа ибн Науфал ал-Ашжаъи (Алла андан ыраазы болсун): «Мен Хаббаб ибн Араттын кошунасы элем. Бир жолу мечиттен чыкканда ал колумдан кармап: «Эй, Алланын кулу! Аллага мүмкүн болушунча жакын бол! Сен Ага эч качан сөзүнөн (Курандан) артык нерсе менен жакындай албайсың», – деди (Хаким).

Куран окуу – тасбих, тахмид, тахьлил, такбир айтуудан да артык. Куран окуунун өзгөчөлүгү Рамазан айында дагы бир жолу далилденет. Себеби ал Рамазанда түшүрүлгөн. Бирок бир нече адам бир же эки парадан бөлүп алып, Куранды толук окуп чыкса, анын сообу баарына бирдей жазылабы? Башкача айтканда, алардын баары Куранды толук окуган болуп эсептелеби же ар ким өзүнүн окуганына жараша сооп алабы?

Адатта Куранды ар ким өзүнчө окуйт же бирөө окуп, башкалар угат. Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) жеткен хадисте Алланын Элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

«Алланын үйлөрүнүн биринде чогулуп, Алланын китебин окуган жана аны бири-бирине үйрөткөн коомго тынчтык берилет, ырайым берилет, аларды периштелер курчап алат (коргойт), Алла аларды Өзүнүн алдындагылар арасында эскерет», – деген (Муслим).

Куран окуу үчүн чогулуу, биригүү – жакшы (сооптуу) иш. Куран окуганга да, укканга да сооп жазылат. Азирети Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) да окуган жана уккан. Алла Таала:

«Куранды тактап (даана) оку» («Муззаммил» сүрөсү, 4-аят), «Аларга (анын) аяттары окулганда ыймандарына бекем болушат жана Раббисине толук таянышат» («Анфал» сүрөсү, 2-аят), – деди.

Демек, бир нече адам биригип Куранды толук окуп чыгуу – сооптуу иш, жакшы адат. Бул хатым болуп эсептелет. Бирок ар ким өзүнүн окуганына жараша сооп алат. Себеби 30 адам бир күндөн орозо тутса, алардын баарына 30 күн орозонун сообу жазылбайт. Ошондой эле 20 адам эки раакаттан намаз окуса, баары 20 раакат намаз окуган болуп эсептелбейт. Ошондуктан Куранды хатым кылып, анын сообун алууну каалаган адам аны өзү толук окуп чыгышы керек. Ошондой эле бир адам же бир нече адам Куранды толук окуп, анын сообун маркумга багыштай алышат.

Хасан АМАНКУЛ

«Мунара» гезити, №8, 2021-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.