Шариятта пайызга (кредитке) тыю салынган. Анткени ал кошумча акча менен берилгендиктен, так арам болуп эсептелет. Анын арам экени Алланын китебинде да, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) сүннөтүндө да ачык айтылган жана бардык аалымдар бул боюнча бир пикирде.
Куранда: «Алла Таала соода-сатыкты адал, ал эми пайызды арам кылды» , – деп айтылат.
Жабирден (ага Алла ыраазы болсун) жеткен хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Пайыз жегенди, жедиргенди, келишимди жазганды, ага күбө болгондорду каргады жана «Баары күнөөгө бирдей» деди» , – деп айткан.
Ошондуктан мусулман адам эч кандай зарылчылык болбосо пайызга жолобошу керек, эгер билбестиктен алып койсо, чын дилден тобо кылуусу зарыл.
Рызык – Алладан. Адам өз ырыскысын издеп аракет кылгандай, ырыскы да өз ээсин издеп табат. Ал кайсы жерде болбосун, өлүмү аны тапкандай, ырыскы да аны табат. Жабир ибн Абдулладан жеткен хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) мындай деген:
«Эй, адамдар! Ырыскыңарды издөөгө көркөмдүк менен мамиле кылгыла. Анткени адам өз ырыскысын толук албай туруп бул дүйнөдөн өтпөйт. Алладан коркуп, аны издөөгө туура жолду тандагыла. Адалын алгыла, арамынан баш тарткыла» , – деп айткан.
Жыйынтыктап айтканда, Куранда жана хадисте айтылгандай, кредит алуу күнөө ишке кирет. Адам бул дүйнөгө келбей жатып эле энесинин ичинде ырыскысы жазылат. Ошондуктан тагдырына жазылган ырыскыны издөөгө мусулман адам шариятка ылайык адал жолду тандашы керек.
Медет КУРМАШ уулу
«Иман» журналы, №7, 2024-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.