Алла Таала Куранда Ибилис шайтан мындай деп ант бергенин эскертет:
«Аларга Алланын жаратылышын өзгөртсүн деп буйруйм» («Ниса» сүрөсү, 119-аят)
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):
«Алла Таала денеге сүрөт тартканды, сүрөт тарттырганды, кашын жулгандарды, кашын жулдурганды, сулуулук үчүн тиштерин ажыраткандарды, Алланын жаратылышын өзгөрткөндөрдү каргаган» , – деген (Муслим).
Демек, ашыкча сулуулук үчүн же табигый карылыкты жашыруу, табигый келбеттен тышкары жаратылышты өзгөртүү максатында, ошондой эле алдамчылык же көз боёмочулук ниети болсо, анда шариатыбыз ботокс жасатууга катуу тыюу салат. Бирок адамдын денесиндеги кандайдыр бир кемчиликти жоюу, туулганда же кийин пайда болгон кемтиктерди калыбына келтирүү сыяктуу зарыл дарылануу иштерине уруксат берилет.
Ошентсе да ботокстун зыяны басымдуу же зыяны менен пайдасы тең болсо, анда аны колдонууга тыюу салынат. Себеби шариатыбызда өзүнө да, башкага да зыян келтирүүгө уруксат жок. Ошондой эле эки зыяндын бирөө болсочу, анда жеңили калтырылып, чоңу жоюлат деп айтылган.
Ботокс жасатуунун эки ыкмасы бар: дарылык жана косметологиялык. Косметологияда ал беттеги бырыштарды түздөө үчүн колдонулат. Дарылык максатта болсо, церебралдык паралич, мойун кыйшыктыгы, инсульттан кийин, булчуңга жана чап аймагына ар кандай оорулардын айынан пайда болгон бет асимметриясын жоюу, ашыкча тер бөлүүнү токтотуу үчүн колдонулат.
Ботокс булчуңга кирип, аны кыймылсыздандырат. Аны колдонуу максаты – бырыштарды түздөө. Ботокс булчуңга кирип, терини катып турат, бырыш ошол замат түздөлүп, андан арылууга шарт түзөт.
Адистердин айтымында, ботокс организмге зыяндуу, нерв системасын, мимиканы бузат жана көз карандылык жаратат. Ар бир адамдын организми ар кандай болгондуктан, кээ бирөөлөр ботоксту жакшы көтөрсө, башкаларында ага аллергия болушу мүмкүн. Ал эми жаш өткөн сайын беттеги булчуңдар алсырайт. Ошого жараша ботулинотерапиянын дозасы да азаят. Бирок бул адамдын жашоо образына, организмдин алмашуу процесстерине түздөн-түз байланыштуу.
Даярдаган Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №2, 2022-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.