Намаз убактысы
Дуба жана зикирky

ДЕМ САЛГАНДА КАНДАЙ ДУА ОКУЛАТ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Шариятта көз тийгенде, сыйкыр жасалганда, жин тийгенде, корккондо, бир нерседен чочугондо, ооругондо, акыл-эси бузула баштаганда же башка себептер менен дем салууга, үшкүрүүгө уруксат берилген. Сыйкыр, көз тийүү, жин тийүү – бул чындык. Бул тууралуу Куранда да, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) хадистеринде да айтылган. Куран аяттары жана дубалар менен дем салуу – Алла Элчисинин (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) сүннөтү жана үммөтүнө үйрөткөн амалдарынын бири.

Дем салуу араб тилинде «рукия» деп аталат. Бул – Куран аяттарын жана Пайгамбар (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) хадистериндеги дубаларды окуп, өзүнө же башка бирөөгө дем салуу. Мисалы, «Фатиха», «Ясин», «Ыхлас», «Фалак», «Нас» жана «Аятул Курси» сыяктуу сүрө, аяттарды окуп дем салууга болот.

Курандын өзгөчөлүгү – ал жанга даба, дартка шыпаа болушу. Куран маркумдардын рухуна гана эмес, ооруп жаткан адамга да шыпаа катары окулат.

«Исра» сүрөсүнүн 82-аятында: «Биз Курандан момундар үчүн шыпаа жана ырайым болгон аяттарды түшүрөбүз» , – деп айтылат.

Бул аяттан Курандын шыпаалуулугу көрүнүп турат. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) «Ыхлас», «Фалак», «Нас» сүрөлөрүн окуп дем салган, ошондой эле Алла Элчиси:

«Фатиха» сүрөсү – ар бир дарттын дабасы», – деген.

Ошондой эле Пайгамбарыбыз:

«Оо, Алла! Адамдардын Эгеси, ооруну кетирүүчү, шыпаа бер! Сен шыпаа берүүсүң. Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок. Бул оорунун изи да калбай айыктыр» , – деп дем салган.

Азыркы учурда «сыйкыр жасалган», «көз тийген», «жин тийген» адамдар көп. Адамдар эртең менен, кечинде зикир окуп, өзүнө дем салып жүрүү менен булардан сактана алат. Ар ким өзүнө өзү дем сала алат же дем салып бере турган имамга кайрылса болот. Тандалган сүрө, Пайгамбарыбыздан (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) жеткен дубаларды окуп, ар бир шыпаа аят, дубаларды окугандан кийин оорулууга үшкүрүп коюлат.

Эгер оорулууга көз тийген болсо жана көз тийген адам белгилүү болсо, анын даарат алган суусу менен оорулууну дарылоо керек. Хадисте:

«Бирөөңөрдүн көзү бирөөңөргө тийсе, аны жуундуруңар» , – деп айтылган.

Ал эми оорулууга сыйкыр жасалганы аныкталса, сыйкыр тууралуу келген аяттарды кайталап, көбүрөөк окуу керек.

Жогоруда айтылгандай, «сыйкыр», «көз тийүү», «жин тийүү» – чындык. Ошондуктан мусулман адам алардан коргонуу үчүн эртең менен, кечинде зикир окуп жүрүшү керек. Эгер сыйкыр жасалса, Курандагы сыйкыр тууралуу аяттарды жана хадистердеги дубаларды окуп, өзүнө дем салуусу же дем салып бере турган имамга кайрылуусу зарыл.

Медет КУРМАШ уулу

«Иман» журналы, №10 , 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.