Намаз убактысы
Башкаky

ЭКО аркылуу бала көтөрүүгө болобу?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Жасалма уруктандыруу (ЭКО) – табигый жол менен уруктана албаган аялдын жумуртка клеткасы менен эркектин уругун атайын медициналык түтүктөрдүн жардамы менен уруктандырып, аялдын жатынуна салуу [1] .

Медициналык практикада жасалма уруктандыруунун негизги эки түрү бар:

  • Ички уруктандыруу ыкмасы. Бул ыкмада эркектин уругу менен аялдын жумуртка клеткасы жатында уруктандырат [2] .

  • Тышкы уруктандыруу ыкмасы. Бул – эркектин уругу менен аялдын жумуртка клеткасы жатындан тышкары атайын түтүктөрдө уруктандырып, андан кийин жатынга салынат [3] .

Бул ички жана тышкы уруктандыруу ыкмаларынын бир нече көрүнүштөрү бар. Эгерде уруктун жана жумуртканын ээси болгон жубайлардын өзүнө таандык болуп, жумуртканын ээси болгон аялдын жатынуна киргизилсе гана шарият боюнча уруксат берилет [4] . Ал эми башка учурларда тукум аралашуусу жана «зина» түшүнүгү жаралгандыктан тыюу салынат [5] . Ошондой эле жумуртка клеткасын ажырашкан же каза болгон күйөөсүнүн уругу менен атайын түтүктө уруктандырып, аялдын жатынуна киргизүүгө болбойт [6] .

КМДБ Шарият жана фатва бөлүмү

  • [1] Мухаммад Шалтут, «әл-Фәтәуа», 326.

  • [2] Мухаммад Халит Мансур, «әл-Ахкәму әт-тиббия әл-мутағаллақу бин-нисә фи әл-фиқһ әл-исләм», 77.

  • [3] Мухаммад али әл-Барр, «Халқу әл-инсан байна әт-тибби уә әл-Куран», 531.

  • [4] Мустафа Зарка, «әл-Жәнин уә әл-ахкәму әл-мутағаллақу биһи», 137. «Фәтәуа Шалтут», 327. «Карарату уә таусияту мажмаги әл-фиқһи әл-ислами ад-дуали», 113. 1985-2011-жж.

  • [5] Жамияту әл-Азхар, Куллияту аш-шаргияти уә әл-канун, «Кадая фиқһия муасара», 1/348. 1986-жылы Эл аралык Ислам Фиқһ Академиясынын, Амман шаарында өткөн үчүнчү жыйынынын, №16 (3/4) чечими. Караһдаги, «Фиқһу әл-кадая әт-тиббия әл-муасара», 576. Мисир Араб Республикасынын, Фатва комитети: https://www.dar-alifta.org/ar/fatawa/11682/%D8%

  • [6] «әл-Мәусуғату әл-муяссара фи фиқһи әл-кадая әл-муасара (кисм фиқһ әл-усра)», 151-156.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.