Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

ЭРКЕКТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨГҮ МИЛДЕТТЕРИ КАНДАЙ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Суроо: Шариатта эркек өзүнүн жубайы менен балдарын багууга, аларды напака менен камсыздоого милдеттүү. Бул напакага кайсы иштер кирет?

Жооп: Шариат боюнча эркек жубайы менен балдарын тийиштүү напака менен камсыздоого милдеттүү. Жада калса жубайы менен ажырашып кетсе да, бала белгилүү жашка чыкканга чейин атасы анын напакасын берет. Алла Таала мындай деген:

«Ажырашкан аялдарыңарды мүмкүнчүлүгүңөргө жараша өзүңөр жашаган үйгө жайгаштыргыла жана аларга кысым көрсөтүп, зыян келтирбегиле. Эгерде алар кош бойлуу болсо, төрөгөнгө чейин напака бергиле. Байлык ээси байлыгынан коротсун. Кимдин ырыскысы чектелүү болсо, Алла бергенинен коротсун. Алла эч бир жанга Өзү бергенинен ашыкча нерсе жүктөбөйт. Алла кыйынчылыктан кийин жеңилдик берет» [1], - деген.

Коштошуу ажылыгында Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун):

«Аялдар тууралуу Алладан корккула! Алардын тамак-ашын, кийим-кечесин тууралап бергиле» [2], – деген.

Айша энебиз (андан Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: «Хинд бинт Утба Пайгамбарыбызга (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) келип: «Эй, Алланын Элчиси! Абу Суфян өтө сараң адам. Ал мага да, балдарына да жеткидей напака бербейт. Анын мүлкүнөн айтпай алсак күнөө болобу?» – деп сурайт. Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Анын мүлкүнөн өзүңө жана балдарыңа жеткидей алып турсаң болот» , – деп жооп берет»[3]. Мына ушул аят-хадистер эркектин үй-бүлөсүнө напака бериши важип экенин көрсөтөт.

Эркектин өзүнүн мусулман, мусулман эмес, кедей же бай жубайына напака бериши важип. Милдеттүү напака – бул тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай[4].

  • 1) Тамак-аш, азык-түлүк жана ичимдиктердин көлөмү менен сапаты күйөөсүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.

  • 2) Кийим-кече бир маалда баштан-аяк кийиле турган болушу керек. Ханафи жана шафи мазхабтарында жубайына 6 айда, балдарына 4 айда бир жаңы кийим алып берүү айтылат.

  • 3) Үйдүн кандай болушу күйөөсүнүн каржылык абалына жараша. Ошондой эле үй керектүү эмеректер менен толук жабдылган болушу шарт. Анда жашоого керектүү нерселердин баары болушу керек.

Эркек иштөөгө жөндөмдүү болсо, иштеп балдарын багууга милдеттүү. Эгер андан баш тартса, анда аны иштөөгө мажбурлашат. Баланын атасы жок болсо же атасы иштөөгө жараксыз болсо, анда баланы багуу милдети атасынын ордуна турган туугандарына жүктөлөт[5].

Уул бала балигат жашына жеткенге чейин, колунда турган кызы кайсы жашта болбосун, иштөөгө жараксыз майып уулу чоң болсо да, атасы аларды напака менен камсыздоого милдеттүү.

Шариат жана фатва бөлүмү

  • [1] «Талак» сүрөсү, 6-7-аяттар.

  • [2] Муслим риваят кылган.

  • [3] Бухари жана Муслим риваят кылган.

  • [4] «Әл-фәтауа ат-татархания фи әл-фиқһ әл-ханафи», 3/242

  • [5] «Әл-фәтауа әл-һиндия», 1/580-583

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.