Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

ХАБАРЛАМА МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН ТАЛАК ЭСЕПТЕЛЕБИ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Жумхур аалымдары талакты берген адам сүйлөй алса да, дудук болсо да, анын жазуу түрүндө талак берүүсү оозеки айтылган талактын ордуна өтөөрүн бир добуштан кабыл алышкан. Бирок жазуу түрүндөгү талакта ниет шартпы же жокпу деген маселе талаштуу бойдон калган [1].

Ханафи мазхабында талак сөзү кагаз сыяктуу нерсеге так жазылса, анда ал ачык айтылган талактын өкүмүндө болот. Андан кийин "талакты ниет кылган эмесмин" деген жүйөсү кабыл алынбайт. Эгер жазылган талак сөзү так болбосо, мисалы, сууга же абага жазып көрсөтсө, анда ал кыйнаа (түшүнүксүз, кыйыр маанидеги талак) болуп эсептелет. Эгер талакты ниет кылдым десе, анын сөзү кабыл алынат [2].

Ибн Абидин: "Эгер жазылган талак сөзү так болсо, бирок кимге багытталып жазылганы белгисиз болсо, анда талакты ниет кылса талак түшөт, ниет кылбаса түшпөйт. Эгер белгилүү болсо, тагыраагы, аялынын аты, дареги жана аялына талак берилгени эч кандай күмөн жаратпаган нерселер камтылса, анда ниет кылса да, кылбаса да талак түшөт" [3].

Ошондуктан күйөөсү аялына талакты телефон, электрондук почта, смс же үн кат аркылуу жиберсе, мындай талак жарактуу деп эсептелет.

КМДБ Шариат жана фатва бөлүмү

  • «Мажаллату ал-ахками ал-адлия», 27.

  • Ал-Азхар университети, «Шариат жана мыйзам» факультети, «ал-Ахвалу аш-шахсия фи аш-шаргияти ал-исламия», 160.

  • «Радду ал-мухтар», 2/589.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.