«Истихара» деген сөз «жакшылыкты издөө», «бир иштин эң ылайыктуусун тандоо» деген маанини билдирет. Мусулман адам мубах болгон эки иштин кайсынысын жасоону билбей калганда, анын жакшыраагын жана пайдалуусун тандоо үчүн эки ракят истихара намазын окуйт.
Истихара намазында каалаган сүрөөнү окууга болот. Бирок биринчи ракятта «Кафирун» сүрөөсүн, экинчи ракятта «Ыхлас» сүрөөсүн окуу – мустахаб (Хашияту Тахтауи, 397). Намаздан кийин истихара дубасын окуйт. Андан соң жүрөгү кайсынысына ык тартса, ошол ишти кылат.
Бул тууралуу Жабир ибн Абдулла (Алла андан ыраазы болсун) мындай деген: «Алла элчиси бизге Куран сүрөлөрүн үйрөткөндөй эле бардык иште истихара кылууну (ичинен эң пайдалуусун тандоону) үйрөтчү жана парзы эмес эки ракят намаз окуп, бул дубаны окууну айтчу: «Уа, Алла! Чынында, мен Сенден жакшылыкты, күч-кубатты жана кеңчилигиңди сурайм. Анткени менин күчүм жетпеген нерсеге Сен кудуреттүүсүң, мен билбегенди Сен билесиң. Сен көмүскөнү эң жакшы билесиң. Уа, Алла! Эгер ушул (баштайын деп жаткан) ишимди диним, тиричилигим жана акыретим үчүн жакшы деп билсең, анда аны мага насип кыл, кыйындатпа, аягын берекелүү кыл! Эгер бул ишимди диним, тиричилигим жана акыретим үчүн жаман деп билсең, анда мени ал иштен, ал ишти менден алыстат! Кайсы жерде болсом да, мен үчүн жакшылыгыңды жакын кыл! (Уа, Жараткан Эгем!) Чынында, бардык нерсеге Сенин кудуретиң жетет» (Бухари).
Ушул дубаны окуп, Алла Тааладан керектүүсүн сурайт. Андан кийин баштайын деп жаткан ишине жүрөгү тартса, жакшы үмүт менен баштайт. Эгер жүрөгү тартпаса, ал ишти кылуу же кылбоо өз эркине калат. Бул тууралуу так белги болуучу түш көрүшү да мүмкүн деп айтылат. Намаз окууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, мисалы үзүрү бар аялдар истихара дубасын эле окуса болот.
Эгер кайсы ишти кыларын так чече албаса, анда истихара намазын кайра окуйт. Ошентип, намазды жети жолу окууга болот (Раддул-мухтар, 2/26). Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) Анас аттуу сахаба тууралуу мындай деген:
«Уа, Анас! Бир ишти баштай турган болсоң, ошол иш боюнча Алла Тааладан жети жолу истихара кыл. Андан кийин анын натыйжасына кара. Жүрөгүң кайсынысын кааласа, ошону танда, сен үчүн ошол пайдалуу», – деген (Ибн Сунни).
Истихара – бир ишти баштаганда Алла Таалага жалбарып, жакшы жолго салууну суроо. Бул пендени Алла Таала менен байланыштырат. Ушундан эле намаздын мусулман үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Биз дүйнөлүк иштерде да Алла Тааланын Өзүнөн кеңеш сурай алабыз. Ошондой эле ар бир учурда эң оболу ишти жакшы билген, маселени түшүнгөн, тажрыйбалуу, жакшы адамдар менен кеңешип туруу керек. Себеби Алла Таала:
«(Уа, Мухаммад!) Алар менен (айланаңдагы адамдар менен) ар бир иште кеңешип тур», – деп буйруган («Али Имран» сүрөөсү, 159-аят).
Даярдаган Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №4, 2022-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.