Намаз убактысы
Орозоky

ИЪТИКАФ КАНДАЙ АМАЛ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Иътикаф араб тилинде «бир жерде туруу, бир нерсени туруктуу кылуу, озун бир жерге камоо» деген маанини билдирет. Шарияттагы мааниси – азан айтылып, камат тушурулгон мечитте иътикафка ниет кылып, орозо кармап, белгилуу убакыт ошол жерде калуу.

Иътикафтын өкүмү анын түрүнө жараша болот:

  • Важып иътикаф. Бир ишти тили менен же ошол ишке киришүү менен, же бир иш болуп калса, иътикафта олтурам деп назир (серет) кылуу аркылуу озуно милдет кылуу. Мисалы, «Алла Тааланын ыраазычылыгы учун бир же андан коп кун иътикаф кылам» деп ниет кылуу менен аткарылат.

Суннөт-муаккада иътикаф. Рамазан айынын акыркы он кунун иътикафта откоруу – суннөт-муаккада. Бирок бул кифая суннөт. Башкача айтканда, бир мечиттин жамаатынан бир киши аткарса, калгандарынын мойнунан жоопкерчилик тушот. Айша энебизден келген риваятта:

«Алла элчиси Алла Тааланын рахымына кеткенге чейин Рамазан айынын акыркы он кунун иътикафта олтурду. Андан кийин аялдары да жасашкан» , – деп айтылат.

Мустахаб иътикаф. Мындан башка убактарда иътикаф кылуу – мустахаб. Иътикафтын рукну – мечитте олтуруу, шарты – орозо кармоо. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

«Иътикаф орозо менен гана болот» , – деп айткан.

Бул важып жана суннөт-муаккада иътикафка тиешелүү. Назир жана суннөт иътикаф кеминде бир кун болушу керек. Себеби орозо бир кундон аз болбойт. Иътикафка бир кун ниет кылган адам кундуз жана тунду да мечитте откорушу зарыл. Ал эми мустахаб иътикафта аз гана убакыт олтурса жетиштуу. Башкача айтканда, мечитке намаз окууга киргенде иътикафка ниет кылса, мечиттен чыкканча иътикаф кылган болуп эсептелет.

Эркектер иътикафты жамаат менен намаз окулуучу мечитте аткарса, аялдар уйунун намаз окууга арналган жеринде иътикафка кире алышат. Мечитте иътикаф кылган эркектерге кандай шарттар коюлса, уйдо иътикафта олтурган аялдарга да ошол талаптар милдеттуу. Иътикаф кылган адам аялын суйуп, кучакташы, ошондой эле иътикафта олтурган жеринен эч кандай себепсиз бир саатка чыкса, Абу Ханифанын пикиринде, иътикафы бузулат. Иътикафка кирген адам мечит ичинде тамак ичип-жешине, уйкусуна, жакшы соз суйлошуно болот. Шарияттык зарылчылык (даарат алуу, гусул алуу ж.б.) учурларда мечиттен чыгууга уруксат берилет.

Иътикаф – ибадатка толук берилип, Аллага жакындоону максат кылган амал. Иътикафка кируу – напсини тарбиялоонун эн жакшы жолдорунун бири. Ошондой эле иътикафка кирген адам Раббисине ибадат кылуу учун озун жалгыздыкка алат. Муну менен адамдын журогу дуйнолук иштерден алыстап, жаны тынчтык табат. Ошондой эле Рамазан айынын акыркы он куну иътикафта болуу Кадир тунун тушуруп алуу ыктымалын арттырат. Айша энебизден келген риваятта:

«Пайгамбарыбыз Рамазан айынын акыркы он куну тундорун ибадат менен откорчу. Үй-бүлөсүн намазга ойготуп, аялдарына жакындачу эмес» , – деп айтылат.

Мындан тышкары, Алла элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

«Кадир тунун Рамазан айынын акыркы он тунунан издеңер» , – деп айткан.

Ошондуктан мусулмандар иътикаф учурунда жаман соз суйлобой, убактысын копчулук намаз окуу, илим алуу, зикир кылуу, Куран окуу, тунку намазга туруу менен откорушу керек.

Медет КУРМАШ уулу,

КМДБ Шарият жана фатва болумунун адиси

«Иман» журналы, №3 , 2024-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.