Өмүрлүк жар тандоо – абдан маанилүү маселелердин бири. Бул дүйнөдөгү эң жакшы ырыскы – жакшы жар. Шарият өмүрлүк жар тандоодо кыздын төмөнкү сапаттарына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Имандуулугу. Эң биринчи кыз имандуу болушу керек. Анткени иман адамды арам, динге каршы иштерден сактайт. Имандуу аял Алланын каарына калтырган иштерден алыс болуп, дайыма күйөөсүнүн ыраазылыгын ойлойт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) жар тандоодо эмнеге көңүл буруу керектигин айтып, мындай дейт:
«Аялга төрт нерсесине карап үйлөнүшөт: байлыгы, тектүүлүгү, сулуулугу жана диндарлыгы. Сен диндарын танда, ошондо бакыт табасың» .
Башка хадисте:
«Аялдарга жөн гана сулуулугуна карап үйлөнбөгүлө. Сулуулугу тарбиясыздыкка алып келиши мүмкүн. Жөн гана байлыгына карап да үйлөнбөгүлө. Анткени байлыгы ашыкча кетүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Аялдарга имандуулугуна карап үйлөнгүлө. Анткени имандуу күң болсо да артык» , – делген.
Сулуулук да, байлык да убактылуу. Бирок иманы дайыма жанында болот. Аял диндарлыгы менен катар сулуу, тарбиялуу, бай үй-бүлөдөн болсо, нур үстүнө нур.
Мүнөзү. Өмүрлүк жар тандоодогу экинчи маанилүү нерсе – кыздын жакшы мүнөздүү болушу. Бул негиз биринчи сапат менен тыгыз байланыштуу. Анткени диндар, имандуу аял сөзсүз жакшы мүнөздүү болот. Дини аны жаман сөздөн, бардык жаман сапаттардан тыйып турат. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун):
«Момундун Аллага такыбаалыгынан кийинки эң чоң табылгасы – жакшы, салиха жубайы. Эгер күйөөсү бир нерсе десе – баш ийет, караса – кубандырат, ант берсе – антын аткарат, күйөөсү сыртта болсо, өз намысын жана анын мүлкүн сактайт» , – делген.
Лукман хаким уулуна айткан осуятында: «Уулум! Жаман аялдан сактан, ал сени картая электе эле карытып коёт. Уулум, аялдардын жамандыгынан Алладан пана тиле! Алладан алардын эң жакшысын сура жана салиха, жакшысына жетүүгө аракет кыл! Ошондо өмүрлүк бакытка жетесиң», – деген.
Пактыгы. Өмүрлүк жар тандоодогу үчүнчү маанилүү нерсе – турмушка чыга элек, пак кызды тандоо. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) бул тууралуу:
«Турмушка чыга элек кызды алгыла. Анткени алардын тили ширин, курсагы берекелүү жана аз нерсеге ыраазы болот» , – деген.
Көп балалуу болуусу. Өмүрлүк жар тандоодогу кийинки маанилүү нерсе – көп балалуу боло ала турган аялды тандоо. Анас ибн Малик (Алла андан ыраазы болсун) Алланын элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) бойдок жүрүүдөн тыйып, үйлөнүүгө чакырып, мындай деген:
«Сүйкүмдүү жана көп бала төрөй турган аялга үйлөнгүлө! Кыямат күнү пайгамбарларга силердин көптүгүңөр менен мактанайын» .
Теңдик. Өмүрлүк жар тандоодогу дагы бир маанилүү нерсе – үй-бүлө кура турган эркек менен аялдын табияты, социалдык абалы бири-бирине жакын болушу. Башкача айтканда, никеге турган эркек менен аял дини, билими, социалдык абалы ж.б. жагынан тең болушу керек. Анткени экөөнүн сапаттары окшош болсо, үй-бүлөдө береке, ынтымак, тынчтык орноп, бири-бирине болгон мамилеси бекем болуп, балдарына да үлгү болот. Ошондой эле жарды алыстан, башка элден же уруудан тандоо да жакшы. Бул баланын ден соолугу чың, келбеттүү болуп төрөлүшүнө себеп болот.
Медет КУРСАКОВ
КМДБ Шарият жана фатва бөлүмүнүн адиси
«Иман» журналы, №1 , 2024-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.