Куран Керимде мындай деп айтылат:
«Жер жүзүн кыдырып, сапарда жүргөнүңөрдө намазды кыскартканыңарда айып жок», – деп айтылган («Ниса» сүрөсү, 101-аят).
Анас ибн Малик (Алла андан ыраазы болсун) бир сапарын мындайча баяндаган:
«Алла элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) менен бирге Мединадан Меккеге жөнөдүк. Мединага кайра кайтып келгенге чейин ал киши намаздарды эки ракааттан окуду. Мен: «Меккеде канча күн турдуңар?» – деп сурасам, ал: «Биз ал жерде он күн турдук», – деп жооп берди» (Бухари, Муслим).
Сапарга чыккан адам өзүнүн айылынан же шаарынан алыстаган учурдан тартып, кайра үйүнө кайтып келгенге чейин, ошондой эле алыс жерге барып, ал жакта 15 күнгө чейин турууну ниет кылган адам шариатта жолоочу деп аталат. Алыс жол деп шариатта орточо ылдамдыкта жөө үч күндүк аралык айтылат. Түз талаада үч күндүк жол болжол менен 90 чакырымга туура келет (Хашияту Ибн Абидин, 2/133). Суу же тоо жолу менен бул аралык өзгөрүшү мүмкүн. Үч күндүк жолду поезд же учак менен басып өтсө да, барган жеринде жолоочу болуп эсептелет.
Жолоочу бир жерде 15 күн же андан көп убакыт турууну ниет кылса, ошол замат ал жергиликтүү өкүмүнө өтөт, бирок толук 15 күн өтпөй кайра жолго чыкса, жолоочу бойдон калат. Башында бир жерде 15 күн турууну ниет кылбаса, бирок иштери бүтпөй же бир кабар күтүп, ошол жерде 15 күнгө чейин калып калса да, жолоочу өкүмүндө кала берет.
Эки шаарда үйү бар адам ошол шаарлардын кайсынысына барса да, жолоочу өкүмүнөн чыгат. Бирок ал шаарлардын арасы алыс болсо, бир үйдөн экинчи үйгө жеткенче, жолдо жолоочу өкүмүндө болот.
Жолоочу адамга байланыштуу үч өкүм бар:
бешим, аср жана куптан намаздарынын парзын кыскартып, эки ракаат кылып окуу – важип;
үч күнгө чейин масих тартууга уруксат берилет;
сапары Рамазан айына туш келсе, орозону кармабай, кийинге калтыра алат.
Жолоочу төрт ракааттык сүннөт намаздарды, үч ракааттык шам намазын жана үтір намазын кыскартпайт, толук окуйт.
Төрт ракааттык намазда жолоочу адам имам болсо, эки ракаат окуп, салам берип намазын бүтүрөт. Артында турган жергиликтүү адамдар калган эки ракаатты окуп, намазын толук бүтүрүшөт. Эгер төрт ракааттык намазда жергиликтүү адам имам болсо, жолоочулар да имам менен бирге намазды толук окушат.
Жолоочу адам сапарга чыккандан мурда каза болгон төрт ракааттык намазын сапарда жүргөндө толук окуйт, ал эми намазы сапарда каза болсо, өзүнүн туруктуу жерине келгенде, аны кыскартып, эки ракаат кылып окуйт.
Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №21, 2021-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.