Намаз убактысы
Орозоky

ЖОЛООЧУ АДАМ РАМАЗАН АЙЫНДА ОРОЗО ТУТПАСА БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Суроо: Рамазан айында жолоочу адам орозо тутпаса болобу? Жооп: Узак жолго чыккан (болжол менен 90 чакырым) жолоочуга рамазан айында орозо тутпоого уруксат берилет [1]. Алла Таала Куранда мындай дейт:

فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ

«Силерден ким ооруп калса же сапарда болсо, башка күндөрү орозо тутсун» [2].

Эгер жолоочу сәресин ичип, таң аткандан кийин жолго чыкса, анда ошол күндүн орозосун бузууга болбойт. Анткени ал орозону туруктуу жеринде баштаган болот. Өз каалоосу менен бузууга акысы жок. Эгер жолго чыга электе оозун ачса, орозонун каза менен кошо каффаратын да аткарат. Ал эми сапарда оозун ачса, анда орозонун казасын гана аткарат [3]. Ошондуктан орозо кармоону кааласа, таң атпай жатып жолго чыгуу керек.

Суроо: Жолоочу сапардан кайтып келген күнү эмне кылууга милдеттүү? Жооп: Жолоочу өзүнүн туруктуу жашаган жерине кайтып келгенде же бир шаарда 15 күнгө токтоону ниет кылса, орозо кармоого милдеттүү.

Эгер жолоочу сапардан үйүнө күндүн жарымынан мурда (бешинге болжол менен бир же бир жарым саат калганда) кайтып келип, орозого (эч нерсе жебесе) ниет кылса, орозосу туура болот. Ал эми бешинден кийин келсе, анда элдин сын-пикиринен алыс болуу үчүн күн батканча эч нерсе жебейт. Себеби айыпка кабылбоо үчүн сактануу – важип [4]. Рамазан айынан кийин ошол күндүн казасын тутат.

Суроо: Сапарда орозо кармаган жакшыбы же ооз ачкан жакшыбы? Жооп: Эгер орозо кармоо жолоочуга кыйынчылык жаратпаса, орозо кармаган артык. Алла Таала жогорудагы аяттын уландысында мындай дейт:

وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

«Билсеңер, орозо кармооңор силер үчүн жакшы» [5].

Сапарда уруксатты пайдаланып ооз ачса, сооп алат. Бирок орозо кармаса, андан да көп соопко ээ болот. Эгер орозо кармоо өзүнө же жолдошторуна кыйынчылык жаратса (мисалы, жолдоштору ооз ачык болуп, чогуу тамактанса), ооз ачканы артык [6].

«Рамазан орозосуна байланыштуу фатвалар» китебинен

  • [1] «Фатху ал-кадир», 2/356.

  • [2] «Бакара» сүрөсү, 184-аят.

  • [3] Абдулхамид Махмуд Тухмаз, «ал-фих ал-ханафи фи сау бихи ал-жадид», 1/437.

  • [4] «Ал-Ихтияр», 1/421.

  • [5] «Бакара» сүрөсү, 184-аят.

  • [6] «Радду ал-мухтар», 3/406.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.