Кааба – адам баласы ибадат кылыш үчүн курулган эң алгачкы ибадаткана жана бардык мусулмандардын кыбыласы. Ал ыйык Мекке шаарында жайгашкан. Кааба – төрт бурчтуу имарат. Арабдар төрт бурчтуу үйдү «Кааба» деп аташат.
Бийиктиги – 15 метр, аянты – 180 чарчы метр. Анын төрт бурчу бар: кара таш турган бурчу, Ирак, Шам жана Йемен бурчу. Каабанын ичинде эмне бар экени көпчүлүккө сыр. Бир кылым мурда бул суроо берилчү эмес. Анткени каалаган адам Каабага кире алчу. Бирок ажылыкка келгендердин саны көбөйгөнүнө жана башка себептерге байланыштуу, анын эшиги тазалоо үчүн гана жылына эки жолу ачылат. 2016-жылы Сауд Арабиясы анын бир жолу Мухаррам айында жуулушу тууралуу жарыялады. Ошондой эле Сауд Арабиясы Королдугунун уруксаты менен жогорку даражалуу адамдар жана өзгөчө коноктор үчүн да ачылат.
Алгач Каабанын эшигинен баштасак. Каабанын эшиги кара таш турган бурчка жакын. Болжол менен 2 метр бийиктикте жайгашкандыктан, тепкич аркылуу көтөрүлөт. Эшикте устанын кол тамгасы бар. Эшикти кооздоого 280 кг алтын колдонулган. Дүйнөдөгү эң кымбат эшик – ушул Каабанын эшиги. Каабанын ачкычы Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) доорунан бери Бани Шайба үй-бүлөсүндө сакталууда.
Каабанын ичине киргенде жагымдуу жыт чыгып турат. Себеби тазалагандан кийин көп өлчөмдө жыпар жыттуу атырлар себилип, сүртүлөт. Полуна ак мрамор төшөлгөн. Жогорку жагында түсү жана төшөлүшү боюнча өзгөчө бир жер бар. Бул – мусулмандар Меккени алгандан кийин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) намаз окуган жер.
Кабырганын ылдый жагы – ак мрамор менен, ал эми эшик үстүндөгү бөлүгү жана чатыры күмүш менен Куран аяттары жазылган жашыл жибек кездеме менен капталган. Кабыргаларында он тактайча илинген. Ал тактайчаларда Каабаны курууга, оңдоого катышкан башкаруучулардын ысымдары жазылган.
Каабанын чатыры үч күрөң түстөгү түркүк менен кармалган. Бул түркүктөр эң бышык жыгачтан жасалгандыктан, болжол менен 1350 жылдан бери бузулган эмес. Аны ошол кезде Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) сахабасы Абдулла ибн Зубайр курган. Түркүктердүн ортосуна алтын жалатылган аркан байланган, анда күмүш, жезден жасалган эски чырактар жана дубалары бар ар кандай идиштер жайгашкан. Каабанын оң тарабында «тауба» деп аталган эшиги бар. Ал эшик аркылуу Каабанын чатырына чыгуучу тепкич бар. Мечит кызматкерлери Каабанын жабуусун алмаштыруу үчүн ушул тепкич менен көтөрүлүшөт.
Каабанын кире беришиндеги эки түркүктүн ортосунда орточо өлчөмдөгү жыгачтан жасалган үстөл бар. Үстөлдүн тартмасында Каабага себиле турган атырлар жана башка керектүү буюмдар сакталат.
Медет КУРМАШ уулу
«Иман» журналы, №6 , 2023-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.