Карызы бар адам тирүү кезинде аны төлөөгө аракет кылышы керек. Анткени, карызы бар адам дүйнөдөн өткөндөн кийин өзү да, артында калган үй-бүлөсү да оор абалда калат. Кайтыш болгон адамдан Алла Таала Өзүнө тиешелүү акысын (карызын) кечириши мүмкүн, бирок бирөөнүн акчасын алган карызды Алла кечирбейт. Аны болгону ошол карыз ээси гана кечире алат.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Карызы төлөнмөйүнчө момундун жаны анын карызына байланыштуу», – деген. (Ахмад, Тирмизи). Башкача айтканда, мойнунда карызы бар адамдын өлгөндөн кийинки абалы кандай болору белгисиз. Ал тургай, маркум шейит болсо да, карызы төлөнмөйүнчө өз даражасына жете албай турат. Анын карызы төлөнгөндөн кийин гана ага шейиттик даражасы берилет. Ошондуктан кайтыш болгон адамдын жаназасында алгач анын карызы суралат жана ошол карызды төлөө чаралары каралат. Карыз мураскорлордун акысынан да жогору турат.
Саъд ибн Атуал (андан Алла ыраазы болсун) мындай дейт: «Агам кайтыш болуп, артында үч жүз дирхам акча жана бала-чакасы калды. Мен акчаны аларга жумшайын дегем. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Агаңдын карызы төлөнгөн жок. Ошондуктан, ал токтоп турат (жаннатка кире албай турат). Карызын төлө», – деди. Мен: «Оо, Алланын элчиси! Анын карызын төлөдүм. Болгону бир аял эч бир далилсиз сурап жаткан эки динары гана калды», – дедим. Ал (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Аны да бер, ал анын акысы», – деди» (Ахмад).
Кайтыш болгондон кийин артында мал-мүлк калтырган маркумдун карызын кепилдикке алуу шариатта уруксат. Бул жоопкерчиликти өзүнө алган маркумдун тууганы же башка адам маркумга тиешелүү мал-мүлк эсебинен анын карызын төлөйт. Карыз толук төлөнгөндө маркум өз милдетинен кутулат.
Эгер артында карызын төлөөгө жеткидей мал-мүлк калтырбаса же тирүү кезинде карызды төлөй турган кепил дайындабай кетсе, маркумдун карызын төлөө тууралуу ар кандай пикирлер айтылган.
«Бадаиус-санаи» китебинде: «Абу Ханифанын (Алла ага ырайым кылсын) пикири боюнча артында мал-мүлк калтырбаган маркумдун карызын төлөөгө кепил болуу туура эмес. Абу Юсуф менен Мухаммаддын (Алла экөөнө ырайым кылсын) пикири боюнча мындай кепилдик туура деп эсептелет», – деп айтылат. «Задул-фукаха» китебинде «Абу Ханифанын (Алла ага ырайым кылсын) сөзү туура», десе, «Мухити Сарахси» китебинде «Маркум канча мал-мүлк калтырса, ошого кепил болууга болот», – деп түшүндүргөн («Фатаваи Хиндия», 3/1288).
Ошондуктан, маркумдун карызын төлөп берүүгө артында мал-мүлк калбаса, бул маселеде Абу Ханифанын (Алла ага ырайым кылсын) сөзү негиз катары алынат. Башкача айтканда, маркумдун карызын кепил болгон адам өз эсебинен төлөйт. Эгер төлөбөсө, аны төлөөгө мажбурлашпайт.
Бирок, ар бир акыл-эстүү адам Аллага кайта турган, Анын алдында жооп бере турган күнгө алдын ала даяр болушу, ыйман жагынан кам көрүшү керек. Алла Таала: «Аллага кайта турган күндөн корккула», – деп эскерткен («Бакара» сүрөсү, 281-аят).
Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №6, 2020-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.