Намаз убактысы
Дуба жана зикирky

Кесип алдыга жылыш үчүн кандай дубалар окуу керек?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Ислам дининде дубанын орду абдан чоң. Мусулман адам жашоосунда ар кандай кырдаалдарда Раббисине кол жайып, чын дилинен дуба кылат. Төмөндө береке, ырыскы көбөйтүүгө жана кесип алдыга жылыш үчүн окулуучу дубалар тууралуу айтып өтөлү.

  1. Соода, кесип, ырыскы табууда туура жолдо болууга жардам берген дуба. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) таңкы намаздан кийин: «Я Аллах! Чынында, Сенден адал ырыскы, пайдалуу илим жана кабыл болуучу амал сурайм», – деп дуба кылчу.

  2. Ырыскы дубасы: «Я Аллах! Падышалыктын Ээси! Бийликти каалаган адамыңа бересиң жана каалаганыңдан аласың. Каалаганыңдын даражасын көтөрөсүң, каалаганыңды төмөндөтөсүң. Жакшылык Сенин колуңда. Чынында, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң! Дүйнөдө да, акыретте да Мээримдүү. Сен каалаганыңа эки дүйнөнүн жакшылыгын бересиң, каалаганыңа бербейсиң. Өзүңдүн ырайымың менен башкаларга муктаж кылба».

  3. «Я Раббим! Ырыскым асманда болсо, жерге түшүр. Жерде болсо, бетине чыгар. Алыста болсо, жакындат. Кыйын болсо, жеңилдет. Жеңил болсо, көбөйтүп, берекелүү кыл! Амин!».

  4. Базарга киргенде окулуучу дуба: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун):

    «Ким базарга келип, «Алладан башка Теңир жок. Ал жалгыз жана Анын шериги жок. Мүлк Ага таандык жана Ал бардык мактоого татыктуу. Өлтүрөт жана тирилтет. Ал тирүү, эч качан өлбөйт. Жакшылык Анын колунда жана күч-кудурети бардык нерсеге жетет», – десе, Алла Таала ал адамга сансыз сооп жазып, күнөөсүн кечирип, даражасын көтөрөт» , – деген.

  5. Берекени көбөйтүү дубасы: «Я Раббим! Ырыскыма, өмүрүмө, ишиме, илимиме, убактыма, урпагыма, ден соолугума, үй-бүлөмө береке беришиңди сурайм».

Мындан тышкары көп истигфар кылуу, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) дайыма салават айтуу ырыскыны көбөйтөт. Мындан башка да кесипти алдыга жылдырууга, ырыскыны көбөйтүүгө себеп болгон дубалар бар. Бирок адам эң оболу Аллага таянып, ырыскысын издеп аракет кылышы керек. Ошондой эле дуба кылганда Алла Таалага жалбарып, чын дилинен жана дубасы кабыл болоруна ишенип дуба кылуусу зарыл.

Алла Таала баарыбыздын кесибибизге, ар бир ишибизге береке берсин!

Медет КУРМАШ уулу

«Иман» журналы, №7 , 2024-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.