Эзелтен бери белгилүү болгондой, үйдө адам каза болгондо маркум жаткан бөлмөдөгү бардык күзгүлөрдүн бетин жаап коюшат. Себеби кыргыз элинде "мындай учурда күзгүнү ачык калтырууга болбойт" деген түшүнүк бар. Албетте, мунун да өзүнүн негиздери бар.
Кээ бирөөлөр күзгүдөгү чагылууну сүрөт катары эсептешет. Динди бекем кармаган мусулман үйүнө ит киргизбөөгө, дубалга сүрөт илинбөөгө аракет кылган. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун):
«Ит жүргөн жана сүрөт илинген үйгө периштелер кирбейт», – деп тыюу салган (Бухари).
Чынында, периштелер – Аллахтын таза, урматтуу жаратылышы. Демек, периште бар жерде коркунуч, кооптонуу болбойт. Экинчиден, шариатта ибадат учурунда алдында же жанында сүрөт турган болсо, ага карап намаз окуу макрух деп эсептелет. Себеби бул сүрөттү карап ибадат кылууга окшошуп калат («Фатху бабил ъинаая», 1/445). Маркум жаткан бөлмөдө зикир, дуба окулушу мүмкүн. Ичинде намаз окулбаса да, бирок ал бөлмөгө намаз окуй турган бөлмөдөй мамиле кылынат. Үчүнчүдөн, азыркы учурда адамдар күзгүнү көбүнчө үйдү кооздоо үчүн коюшат. Ал эми маркум жаткан бөлмөдөгү күзгүнү жабуунун максаты – кирген адамга акыретти эске салып, өлүмдөн сабак ала турган жайга айландыруу. Төртүнчүдөн, адам күзгүгө көбүнчө өзүнүн жүзүн, бетиндеги так, боёк же бырышын караш үчүн көз чаптырат. Күзгүгө караган адамдын ою ошол замат башка нерсеге бурулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мындай учурда күзгүнүн ачык турушу орунсуз деп эсептелет. Бешинчиден, адам күзгүгө ар бир караганда, анда мурда көргөн элестер эсине түшө баштайт. Ал эми караңгыда же капыстан күзгүгө караганда, анда чагылдырылган элестен адам чочуп кетиши мүмкүн. Мындай учурлар адамдын психикасына терс таасир этээри анык. Ошондуктан каза болгон адам (маркум) жаткан бөлмөдөгү күзгүнүн бетин жабуу – жакшылык жана шариатка каршы келбейт.
Хасан АМАНКУЛ
«Мунара» гезити, №4, 2023-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.