Жер бетиндеги бардык нерсе адам баласынын жакшы жашоосу үчүн жаратылган. Бул – Алланын пенделерине берген ырыскысы, белеги. Адам баласы жарык дүйнөгө келген күндөн тартып ошол ырыскылардан пайдаланат.
Жараткан Эгебиз адамзат үчүн жараткан чексиз ырыскылардын катарына жаныбарлар да кирет. Адам баласы жаныбарлардын этин жеп, сүтүн ичет жана териси менен жүнүн да колдонот.
Бул тууралуу Куранда: «Шексиз, төрт түлүк малда да силер үчүн өзгөчө сабак бар. Биз силерге алардын ичинен чыккан сүтүн ичиребиз. Алардын силерге башка да көптөгөн пайдалары бар жана алардын эт-майын да жейсиңер. Ошондой эле ошол жаныбарларга жана кемелерге минип, каалаган жериңерге жетесиңер» , – деп айтылат («Мүминун» сүрөсү, 21-22-аяттар).
Азыркы учурда синтетикалык материалдар жана жасалма терилер кеңири колдонулса да, табигый ичик менен жүнгө суроо-талап азайган жок. Кышында жаш кыздар да, улуу апалар да жакшы көргөнү – күндуз тон. Биринчиден, ал катуу суукта жылуу жана жеңил. Экинчиден, ар ким замандын талабына ылайык кооз кийингенди жактырат. Ал эми кооз ичик адамдын келбетин ачат, көркүнө көрк кошот, маанайын көтөрөт. Бул жагынан кыргыздын «адамдын көркү – кийим» деген сөзү эске түшөт.
Бирок шарият боюнча колдонулуучу теринин кайсы жаныбарга таандык экени маанилүү. Колдонуу жагынан терини үчкө бөлүп кароого болот:
Эти желинген жана шарият талабына ылайык союлган малдын териси. Мисалы, кой, эчки, уй, төө, коён жана башка эти халал жаныбарлардын териси, иленбесе да (өзгөчө иштетилбесе да), таза болуп эсептелет.
Эти желинген, бирок шариятка ылайык союлбаган малдын, өлүк малдын, эти желинбеген жаныбарлардын жана жырткыч айбандардын териси. Мисалы, ит, карышкыр, аюу, түлкү, күндуз, камшат жана эти арам жаныбарлар. Булардыкы нажас (таза эмес) деп эсептелет. Аларды чийки бойдон колдонууга болбойт, бирок иленгенден кийин колдонууга уруксат берилет.
Такыр колдонууга жараксыз терилер. Бул – чочконун териси. Анткени ал ачык харам деп эсептелет.
Биздин мазхабда күндуздун эти – харам. Анткени ал кемирүүчүлөргө кирген айбан. Күндуз чөп, терек, кайың, камыш жалбырагын жейт. Ошондой эле курт-кумурскаларды да жейт. Ошондуктан аны жырткыч айбандар катарына кошууга болот. Ошондой эле күндуз жийиркеничтүү, жагымсыз жаныбар деп эсептелет.
Куран Керимде: «(Алла Таала) аларга таза тамактарды халал кылып, жийиркеничтүү нерселерге тыюу салат» , – деп айтылат («Аъраф» сүрөсү, 157-аят).
Бирок күндуздун териси иленсе тазаланып калат. Анткени шарият боюнча чочконун терисинен башка ар бир иленген териге таза өкүмү берилет. Ошол иленген териден тигилген кийим менен намаз окууга жана андан жасалган идиштен даарат алууга уруксат берилет («Һидая», 1/328).
Бирок хадистерде Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) жапайы жаныбарларды кыйнап өлтүрүүдөн тыюу салганы (Муслим), терисин колдонууга кайтарганы (Абу Дауд, Тирмизи, Насаий) жана кээ бир илимдүү сахабалар ошондой жаныбарлардын терисин иленгенден кийин да колдонууга, андан кийим тигип кийүүгө жактырбаганы (Тирмизи) айтылган. Ал эми Имам Мухаммад (Алла аны ырайым кылсын): «Күндуз тон кийүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Бирок аны атак (мактануу, элдин көңүлүн буруу) үчүн кийүү жакшы эмес», – деген («Фатава Хиндия, 5/384»).
Хасан Аманкул,
«Мунара» гезити, №17, 2020-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.