Куран – адам баласы үчүн насаат жана үлгүгө толгон касиеттүү китеп. Анда мурдагы коомдордун тарыхы, ибадат, жаза жана башка маселелер менен катар мусулман аялдарына үлгү боло турган айымдар тууралуу да сөз болот.
Куранда аялдар тууралуу көптөгөн аяттар бар. Бирок ал аяттарда аялдардын ысымдары ачык аталган эмес. Куранда аты аталган жалгыз аял – Иса (ага Алланын саламы болсун) пайгамбардын апасы, Имрандын кызы Мариям. Алла Таала «Тахрим» сүрөсүндө мындай дейт:
«Ошондой эле абийирин сактаган Имрандын кызы Мариямды да (мисал келтирди). Биз ага рухубуздан үйлөдүк да, ал Мариям Раббисинин сөздөрүн жана Китептерин тастыктап, моюн сунгандардан болду»
Момундарга үлгү болсун деп Алла Таала Мариямды Куранда ушундайча сүрөттөгөн. Ар-намысын сактаган Мариям бинт Имрандын ысымы Куранда 34 жолу айтылат жана анын урматына 98 аяттан турган «Мариям» сүрөсү да бар. Анда эмне үчүн Куранда аялдардын ичинен бир гана Мариямдын аты аталган?
Биринчи себеби – беш улуу пайгамбардын бири болгон Исаны (ага Алланын саламы болсун) жарык дүйнөгө алып келүү үчүн Алла Таала дүйнөдөгү бардык аялдардын ичинен Мариямды тандап, аны бардык күнөөдөн таза кылган. Алла Таала «Али Имран» сүрөсүнүн 42-аятында мындай дейт:
«(Эй, Пайгамбар! Эсиңе ал!) Периштелер мындай дешти: «Эй, Мариям! Чындыгында, Алла сени (кулчулукка) тандады, (күнөөдөн) таза кылды жана сени дүйнөдөгү аялдардын үстүнөн тандады»
– деп айтылат.
Экинчи себеби – Мариям апабыз Иса (ага Алланын саламы болсун) төрөлө электе да, андан кийин да таза болгон. Алла Таала «Тахрим» сүрөсүнүн 12-аятында:
«Ошондой эле абийирин сактаган Имрандын кызы Мариямды да (мисал келтирди). Биз ага рухубуздан үйлөдүк да, ал Мариям Раббисинин сөздөрүн жана Китептерин тастыктап, моюн сунгандардан болду»
– деп айткан. Мариям апабыз өмүр бою ар-намысын таза сактагандыгы үчүн ушундай бийик даражага жеткен. Ким Аллага моюн сунса, Алла Таала анын даражасын көтөрөт.
Үчүнчү себеби – Мариям апабыз жана анын уулу Иса (ага Алланын саламы болсун) Алла Тааланын кудуретине далил болгон ачык белгилерден. Алла Таала «Муминун» сүрөсүнүн 50-аятында мындай дейт:
«Ошондой эле Биз Мариям уулу Иса менен анын энесин да бир белги кылдык да, экөөнө берекелүү жана булагы бар бир дөңдү башпаанек кылдык»
– деп айтылат. Бул аяттын тафсиринде Ибн Касир мындай дейт: «Бул – Алла Тааланын каалаган нерсесине кудурети жетеринин ачык далили. Себеби Алла Таала Адамды (ага Алланын саламы болсун) ата-энесиз жараткан. Хауа апаны эркексиз, аялсыз жараткан. Ал эми Исаны (ага Алланын саламы болсун) атасыз жараткан. Калган адамдарды эркек менен аялдан жараткан».
Төртүнчү себеби – Мариям апабыз – бул дүйнөдөгү жана бейиштеги аялдардын эң артыкчусу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) мындай деген:
«Бул дүйнөнүн аялдарынын эң жакшысы төртөө: Мариям бинт Имран, Хадича бинт Хуайлид, Фатима бинт Мухаммад жана Фараондун аялы Асия»
– десе, дагы бир хадисте:
«Бейиштеги аялдардын эң артыкчусу – Мариям бинт Имран, Хадича бинт Хуайлид, Фатима бинт Мухаммад жана Фараондун аялы Асия бинт Музахим»
– деп айтылат.
Бешинчи себеби – Мариям апабыз жана анын уулу Иса (ага Алланын саламы болсун) шайтандын тийүүсүнөн аман болгон. Шайтан Адамдын тукуму төрөлгөндө аны колу менен түртөт экен. Мариям апабыз өзүнүн тукуму үчүн шайтандын зыянынан Алладан коргоо сурап дуба кылган. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) мындай деген:
«Ар бир бала жарык дүйнөгө келгенде аны шайтан колу менен түртөт. Бирок Иса (ага Алланын саламы болсун) жана анын апасына (төрөлгөндө) шайтан тийген эмес»
– деп айткан.
Алтынчы себеби – Алла Таала Мариям апабызды кереметтер менен сыйлаган. Закария (ага Алланын саламы болсун) кышында Мариямдын бөлмөсүнө киргенде анын дасторконунан жайында бышкан мөмөлөрдү көргөн. Бул тууралуу Куранда мындай айтылат:
«Закария анын (Мариямдын) бөлмөсүнө кирген сайын жанынан бир ырыскы (түрдүү мөмөлөр) көрчү. Ал: «Эй, Мариям! Бул сага кайдан келди?» – деп сурады. (Мариям) «Бул – Алланын алдында. Чынында, Алла каалаганына эсепсиз ырыскы берет!»
– деп айтылат. Мына ушул жана биз билбеген башка өзгөчөлүктөрү үчүн Алла Таала Курандагы бир сүрөнү Мариям апабыздын аты менен атаган. Иса (ага Алланын саламы болсун) пайгамбардын Куранда Мариям уулу Иса деп аталганы да – Алланын Мариям апабызга берген өзгөчө ырыскысы. Мариям апабыздын окуясынан сабырдуулук, тазалык, моюн сунуу жана жоопкерчилик кандай болушу керектигин үйрөнөбүз.
Ар бир аял Алла Тааланын ыраазылыгына жана бейишке жетүү үчүн Куранда жана хадистерде айтылган салих аялдарды үлгү тутуусу керек. Алар кандай жашаган, эмне кылган? Ар-намысын кантип сактаган? Себеби аялдын эң чоң байлыгы – абийири. Ошондуктан азыркы заманда да кыздарыбызга хадисте айтылган салих аялдардын өмүр жолун үлгү кылып көрсөтүшүбүз зарыл. Мариям апабызга Алла Тааланын саламы болсун жана Кыяматка чейин дүйнөдөгү аялдарга үлгү болсун!
Медет КУРСАКОВ,
КМДБ Шариат жана фатва бөлүмүнүн адиси
«Иман» журналы, №8, 2023-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.