Намаз убактысы
Акидаky

Кыямат бүтүндөй ааламда болобу?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Суроо: Кыямат Жер планетасында эле болобу? Же бүтүндөй ааламда болобу? Илон Масктын «Эгер адамдар Марска көчүп кетсе, кыяматтан кутулат» деген оюн кантип түшүнсө болот?

Жооп: Алла Таала Куранда мындай дейт:

«Түн менен күндү, күн менен айды жараткан бир гана Өзү. (Күн менен ай сыяктуу асман телолорунун) ар бири өз орбитасында сүзүп жүрөт», – деп кабар берет («Анбия» сүрөсү, 33-аят).

Күн системасында Күн жана анын айланасында айланган 9 чоң планета (Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон) бар. Мындан тышкары, планеталардын жандоочтору, астероиддер, кометалар жана сансыз метеордук телолор бар. Биздин галактикадан тышкары да сансыз жылдыз топтору бар.

Планеталар массасына, химиялык курамына, айлануу ылдамдыгына жана жандоочторунун санына жараша эки топко бөлүнөт. Күнгө жакын жайгашкан төрт планета (Меркурий, Венера, Жер жана Марс) анча чоң эмес, негизинен металл жана таштан турат. Илимде аларды «жер тибиндеги планеталар» деп да аташат. Чоң планеталар – Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон кыйла ири, алар негизинен жеңил заттардан (суутек, гелий, метан ж.б.) турат.

Акыркы убакта дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск «планеталардын ичинен Жерден башка Марс адамзат жашоого ылайыктуу, ал жакка көчүп барса, адамзат кыяматтан кутулат» деген оюн сунуштап келет. Бирок Куран аяттары жана ислам ишенимдери бул жөн гана куру кыял экенин көрсөтөт.

Биринчи, ушул тогуз планетанын ичинен Жер – биздин ыйык үйүбүз, мекенибиз. Себеби Алла Таала адамзатка мындай деген:

«Жерде силер үчүн бир убакытка чейин турак жана ырыскы бар. Андан кийин жер бетинде жашап, ошол жерде өлөсүңөр жана (өлгөндөн кийин кайра тирилип) жерден чыгарыласыңар», – деди («Аъраф» сүрөсү, 24-25-аяттар).

Бул аятта адам баласы ушул жерде жаралып, ушул жерде өлүп, ушул жерде кайра тирилээри айтылууда. Демек, адам баласынын бүт тагдыры ушул жерде өтөт. Башка жакта ага жашоо жок. Ошондуктан Жерден башка планетадан туруктуу жай издөө – куру аракет. Эгерде кимдир бирөө келечекте башка планетадан жашоого ылайыктуу жай тапса да, бул Алланын өкүмүн өзгөртө албайт.

Экинчиден, Жараткан Эгебиз адам баласын жаратып, ага Жерди мурас кылып берди. Бул тууралуу Куранда мындай айтылат:

«Ал силерди жер бетинде халифа кылды (б.а. Алла силерди жерди көрккө бөлөп, Өзүнүн өкүмү, мыйзамы менен жашап, башка жаратылгандарды башкаруучу кылды)», – делет («Фатыр» сүрөсү, 39-аят).

«Жердин халифасы» дегенден – бири-биринин артынан келип, ошол жерде жашап, жердеги бардык нерсени пайдаланып, бардык жаратылгандар ага кызмат кылып, өкүмүн жүргүзгөн кожоюн деген маанини түшүнүүгө болот.

Үчүнчүдөн, «башка планеталар адам баласы үчүн жашоого ылайыктуу» деген ой туура деп коёлу. Бирок кыямат болгондо Жер менен кошо Күн системасындагы бардык планеталар кыйрай турганын Алла Таала Куранда мындай баяндайт:

«Күн оролуп, жарыгы өчкөндө, жылдыздар чачырап, жарыгы өчкөндө» («Такуир» сүрөсү, 1-2-аяттар), «Катуу коркунучтан көздөр караңгылап, ай тутулуп, күн менен ай биригип кеткенде, ошол күнү адам: «Кайда качсам болот?!» – дейт. Жок, (ошол күнү) баш калкалай турган жер жок! Ошол күнү баарынын бара турган жери – Раббыңдын алды болот» («Кыямат» сүрөсү, 7-12-аяттар).

Хасан АМАНКУЛ

«Мунара» гезити, №4, 2021-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.