Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

Махрдын өлчөмү барбы?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Шариятта күйөө менен аялдын бири-биринде укугу бар. Бул укуктар күйөөнүн аялына, аялдын күйөөсүнө жана экөөнө тең тиешелүү укуктар болуп бөлүнөт.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) коштошуу ажылыгында: «Чынында, аялдарыңардын силердин алдыңарда, силердин аялдарыңардын да силердин алдыңарда укуктары бар» , – деп айткан.

Ошол укуктардын бири – махр. Тактап айтканда, кыз турмушка чыгар алдында күйөөсүнөн махр талап кылууга укуктуу.

Ислам дини боюнча эркек өзүнүн аялына махр берүү – важип. Бирок бул никенин шартына кирбейт, башкача айтканда, махр берилбесе да нике жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Мухаммад Абу Захра өзүнүн «Әл-ахуалу әш-шахсия» аттуу китебинде: «Махр – күйөөнүн мойнуна жүктөлгөн, аял алууга тийиш болгон акы. Ал үйлөнүү келишиминин бир өкүмү же натыйжасы катары каралат. Никенин жарактуу болушунун шарты эмес. Ошондуктан махры айтылбай кыйылган нике да жарактуу деп эсептелет. Бирок нике кыйылган учурда махр берүү милдети жүктөлөт. Атүгүл, эгер күйөө менен аял махр бербөөгө макулдашса да, күйөөсү аны бериши керек.

Нике кыйылып жаткан учурда махрды атап өтүү – сүннөт. Анткени нике учурунда аны атап өтүү напсиге жакшыраак жана талаш-тартыштан алыс кылат. Махрды нике учурунда да, кечиктирип да, бөлүп да берүү мүмкүн. Ханафи мазхабы боюнча махр буюм же акча түрүндө берилет. Талаш-тартыш чыкпашы үчүн буюмдун түрү, баасы так көрсөтүлүшү керек.

Махрдын эң жогорку чеги боюнча эч кандай чектөө жок. Алла Таала «Ниса» сүрөсү, 20-аятта:

«Алардын бирине мол махр берген болсоңор, андан эч нерсе да кайтарып албагыла» , – деп айтат.

Ал эми махрдын эң аз өлчөмү – Ханафи мазхабы боюнча он дирхам. Сахабалардын доорунда 10 дирхам бир алтын динарга барабар болгон. Ал эми бир динардын салмагы 4,25 граммга туура келген.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши махрдын эң аз өлчөмү 4,25 грамм алтын менен эсептелет деген пәтуа чыгарган. Махрдын баасы ушул өлчөмдөн төмөн коюлса, аны ошол өлчөмгө толуктоо керек.

Ислам – жеңил дин. Алла Таала мусулмандарга анын жеңилдигин колдонгонду каалайт. Ошондуктан махрдын өлчөмүн эркектин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жана үй-бүлөнүн социалдык абалына жараша белгилеген туура. Анткени махр күйөөнү карызга батыргандай көп же кыздын көңүлүн калтыргандай аз болбошу керек. Махрды дароо берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анын бир бөлүгүн алдын ала (махр мугажжал) берип, калганын кийинчерээк (махр муажжал) берсе болот. Ибн Хиббан келтирген хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун):

«Аялдардын эң жакшысы – махры аз болгону» , – деп айткан.

Медет КУРМАШ уулу,

«Иман» журналы, №1, 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.