Намаз убактысы
Тамак-аш (халал/арам)ky

«МОНОПОЛИЯ» ОЮНУН ОЙНОСО БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Жылдан жылга чоңдорго да, балдарга да арналган, жекече же топ менен, онлайн же оффлайн түрүндө ойнолуучу оюндардын түрү көбөйүп жатат. Ага монополия, фант, эрудит сыяктуу оюндарды кошууга болот.

Мындай оюндар көңүл ачуу, ден соолукту калыбына келтирүү, балдардын ой жүгүртүүсүн жана көңүлүн өнүктүрүү, билимге кызыгуусун ойготуу, тапкычтык менен ылдамдыкка тарбиялоо үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок эгерде адам убактысынын көбүн оюнга коротуп, оюнга көз каранды болуп, сабагына, жумушуна же үй-бүлөлүк жашоосуна зыянын тийгизсе, оюн кумарга айланып кетсе, оюндан улам уруш чыгып, күнөө же кылмышка алып барса, анда мындай оюндардан алыс болуу керек.

Ислам дини боюнча төмөнкү белгилер болсо, мындай оюндарды ойноого тыюу салынат:

  • Оюнга акча же башка бир сыйлык коюу (мисалы, утулган адам тамактын акчасын төлөйт же жеңгенге бир нерсе сатып берет). Бул кумар болуп эсептелет.

    Куран Кәримде: «Алар сенден (мас кылуучу) шарап жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Айт: "Экөөндө тең чоң күнөө жана адамдар үчүн бир катар пайдалары бар. Бирок алардын пайдасынан күнөөсү жана зыяны көбүрөөк", – деп айт» («Бакара» сүрөсү, 219-аят).

  • Көп убакытты оюнга коротуп, мусулмандык милдеттерин аткарбоо (мисалы, беш маал намазды калтыруу же такыр окубай коюу).

    Куранда: «Шексиз, намаз момундарга белгилүү убакыттарда (ар бир намаз өз убагында окулсун деп) парз кылынды», – деп айтылат («Ниса» сүрөсү, 103-аят).

  • Дүйнөлүк иштерди таштоо (мисалы, жумушка барбоо, сабакка катышпоо). Ар бир мусулман өз үй-бүлөсүнө жана анын жыргалчылыгына жооптуу. Кайсы гана көңүл ачуу, оюн-зоок болбосун, ал ага тоскоол болбошу керек.

  • Оюн учурунда алдоо, бири-бирин кемсинтүү, күч колдонуу сыяктуу шариатта тыюу салынган иштерди жасоо.

Бул эреже бардык оюндарга тиешелүү. Эгерде ушул белгилердин бири кайсы бир оюнда, анын ичинде «монополия» оюнунда да болсо, аны ойноого тыюу салынат.

Хасан АМАНКУЛ,

«Мунара» гезити, №2, 2022-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.