Намаз убактысы
Башкаky

Мусулман жыл санагы качан пайда болгон?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Ислам дининде ыйык күндөр, түндөр жана айлар камари жыл санагынын негизинде аныкталат. Мындай жыл санак айдын фазаларынын өзгөрүшүнө жараша эсептелет. Жаңы айдын (һиләлдын) көрүнүшү менен жаңы ай башталат. Камари ай 29 же 30 күн болот.

Мусулман жыл санагы Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) Меккеден Мединага көчкөн учурунан башталат. Буга себеп Омар ибн Хаттаб (ага Алла ыраазы болсун) Басра шаарынын акими Абу Муса ал-Ашгариге (ага Алла ыраазы болсун) кат жазат. Абу Муса (ага Алла ыраазы болсун) Омардын (ага Алла ыраазы болсун) катына мындайча жооп берет: «Сиздин жазган катыңызды алдым. Бирок качан жазылганы тууралуу датасы көрсөтүлгөн эмес», – дейт.

Ошентип экинчи халифа Омар ибн Хаттаб (ага Алла ыраазы болсун) ислам календарын кайсы учурдан баштоо керектигин башка сахабалар менен кеңешип, ар кандай пикирлерден кийин, баары макулдашып, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) Меккеден Мединага көчкөн жылынан баштоо тууралуу чечим кабыл алышкан. Ошентип ушул күндөн һижра жыл санагы башталган.

Мусулман календары күн менен эмес, ай менен эсептелгендиктен григориан календарына салыштырмалуу айырмасы бар. Ошондуктан бир жылы – 10, башка жылы 11 күнгө кыска болуп калат. Ушундан улам мусулман майрамдары григориан календарынын ар кандай күндөрүнө туура келет.

Мусулман календары 12 айдан турат. Ал болжол менен 354 же 355 күнгө туура келет. Бул тууралуу Куран Керимде мындай айтылат:

«Чындыгында, Алланын алдында айлардын саны он эки. Асман менен жерди жараткан күнү Алланын Китебинде (Лаух махфузда) (ошентип жазылган)», – делет. («Тауба» сүрөсү, 36-аят).

Ыйык ажылык айларынан кийин келген мухаррам айы – Һижра жыл санагы боюнча биринчи ай. Дал ушул мухаррам айынан мусулман календарында жаңы жыл башталат. Күн календары боюнча жаңы күн түнкү он экиден кийин башталса, ай календары боюнча жаңы күн күн баткандан кийин башталат. Алла Таала Куранда мындай дейт:

«Алла Таала түндү эс алуу, күн менен айды эсеп үчүн жараткан», – делет. («Ан'ам» сүрөсү, 96-аят).

Һижра жыл санагы динибиздеги Рамазан айынын башталышы, орозо, курман айт сыяктуу диний майрамдарды так аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мусулман жыл санагы дүйнө жүзү боюнча бирдей болуп, мусулман коомунун убактысын бир системага келтирет.

Медет КУРМАШ уулу

«Иман» журналы, №12, 2024-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.