Алла Таала Куранда мындай дейт:
«Санаулы күндөрдө (парз намаздан кийин такбир, тахлил айтып) Алланы эстегиле» [1], – деп буйруду.
Улуу пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун):
«Алла Тааланын алдында ушул он күндө жасалган жакшы амалдардан артык жана сүйкүмдүү иш жок. Ошондуктан ошол күндөрү тасбихти (субханаллах), тахмидти (альхамду лиллях), тахлилди (лә иләһа иллаллах), такбирди (Аллаху акбар) көбөйткүлө», – деген [2].
Аалымдар такбир ташрикти айтууга бир ооздон макул болушкан (ижма кылышкан).
Шарият боюнча, ташриктин күндөрү ар бир парз намаздан кийин бир жолу такбир ташриктин айтышы – важип. Такбирди имамдын артында тургандар да айтышат. Аялдар такбир айтканда үнүн катуу чыгарышпайт. Такбирди бир нече жолу айтуу да болот. Мурунку казы намаздарды окуганда же ташриктин күндөрү казы болуп, кийин окуганда такбир ташриктин айтылбайт.
Такбир-ташриктин айтылуучу күндөрү – беш күн. Алар: арапа күнү, үч айт күнү жана андан кийинки бир күн. Бул жылы 5, 6, 7, 8, 9-июнга туура келет. Демек, 5-июнда таң намазынын эки раккаат парзын окуп, эки жакка салам бергенден кийин такбир айта баштап, 9-июнда экинти намазында аяктайт. Ушул аралыкта такбир-ташрик ар бир парз намаздан кийин, жалпысынан 23 намазда айтылат.
Такбир ташриктин сөздөрү: Аллаһу акбар, Аллаһу акбар! Лә илааһа иллаллаһу, уаллаһу акбар! Аллаһу акбар, уә лиллаһил хамд!
Такбир ташриктин окуясы мындай: «Ибрахим пайгамбар уулу Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн тамагына бычак тартканда бычак өтпөйт. Ошондо Алла Таала Жабреил периштеге курмандыкка кой алып келүүнү буйруйт. Жабреил периште Ибрахим пайгамбар уулу Исмаилди курмандыкка чалып жиберет деп коркуп, «Аллаһу акбар, Аллаһу акбар» деп такбир айтат. Ибрахим пайгамбар муну угуп, «Лә илааһа иллаллаһу, уаллаһу акбар» дейт. Уулу Исмаил ордуна курмандык берилгенин билип, «Аллаһу акбар, уә лиллаһил хамд» деп шүгүр кылат» [3].
Хасан АМАНКУЛ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Диний билим жана кадр даярдоо бөлүмүнүн башчысы
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.