Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

ОНЛАЙН НИКЕ КЫЮ ТУУРАБЫ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Бүгүнкү күндө коомдо телефон же интернет аркылуу эркек менен аялдын нике кыйганы тууралуу маалыматтар көп кездешүүдө. Адамдын жашоосундагы эң маанилүү жана унутулгус нике шартын түзүүдө кээде келин бир жакта, күйөө башка жакта, күбөлөр дагы башка жакта катышкан учурлар болот. Мындай нике шарият боюнча канчалык туура?

Азыркы белгилүү аалымдар жана кадыр-барктуу фатва уюмдары бул маселени кеңири изилдеп, шарият негиздерине таянып жооп беришкен. Айрыкча, Ирак фатва жана даават иштери боюнча Аалымдар кеңеши, белгилүү аалым Уаһбә Зухайли, Мустaфа Зарқо сыяктуу бир катар аалымдар алдамчылык жана шариятты кемсинтүү коркунучу болбогон учурда онлайн түрүндө нике кыюуга жол берилет деген (Мәжәлләт ул-фиқһ әл-исләми», 2/867-888).

Ошондой эле Ислам Фикх академиясынын Аалымдар кеңеши, Сауд Арабиясы Падышалыгынын Туруктуу Фатва комитети, Пакистандагы «Дар ул-улум» ислам университетинин Аалымдар кеңеши жана аалым Мухаммад Юсуф Баннури, шейх Мухаммад Тақи Усмани сыяктуу көптөгөн азыркы аалымдар белгилүү шарият шарттары болбогондуктан онлайн түрүндө нике кыюу туура эмес деп фатва беришкен («Ислам Фикх академиясынын биринчи жыйынынын чечимдер жыйнагы», 10-бет; «Фатава дар ул-улум», 3/558; «Фатава Усмани», 2/204).

Мындан тышкары Ханафи мазхабынын аалымдары илгертен бери ижааб (сунуш) менен кабыл алуунун бир нече шарты бар экенин, алардын бири – бир жыйында (бир жерде) болуу керектигин айткан. Алауддин Касани (Алла аны рахымына алсын) бул шарт тууралуу:

«Нике келишими түзүлө турган жерге байланыштуу шарт – эки нике кыюучу (күйөө менен келин) бир жыйында болушу. Ижааб менен кабыл алуу бир жыйында болушу зарыл. Эгер жыйын башка болсо, анда нике шарты түзүлбөйт», – деген («Бадаиус-санаи», 2/232).

Алауддин Хаскафи (Алла аны рахымына алсын) да бул маселе боюнча:

«Ижааб менен кабыл алуунун шарттарынан дагы бири – эки нике кыюучу бир жыйында, бир жерде болушу», – деп айткан («Раддул мухтар», 4/76).

Ибн Абидин «ал-Бахр ур-Раик» китебинен үзүндү келтирип:

«Жыйын ар башка болгондо нике шарты түзүлбөйт. Нике кыюучулардын бири ижааб (сунуш) кылганда экинчиси ордунан туруп кетсе же башка иш менен алек болуп кетсе, ижааб жараксыз болот... Ат минип же жолдо бара жатып нике кыйылса да, туура эмес. Бирок бир кемеде бара жатса, анда туура болот. Анткени кеме бир жер катары эсептелет», – деп жыйынтыктаган («Раддул мухтар», 4/76).

Шарият боюнча нике шартын түзүүдө нике кыюучулар жана күбөлөр бир жыйында болушу керек. Бул шарттар телефон, интернет же башка заманбап байланыш каражаттары аркылуу кыйылган никенин туура эместиги тууралуу айтылган фатвалардын далили катары басымдуулук кылат. Ошондой эле азыркы учурда никени ар кандай алдамчылык иштерде колдонуу коркунучу да бар экенин эч ким кепилдик бере албайт.

Хасан Аманкул,

«Мунара» гезити, №3, 2020-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.