Суроо: Оору адам орозо кармай алабы?
Жооп: Эгер орозо себептүү оору күчөп кетсе же айыгуу кечиксе, орозо кармабоого уруксат берилет [1]. Эгер ооз ачпаса, көзү катуу ооруп же дене табы көтөрүлсө да орозону бузууга болот. Ошондой эле, оорулуу төшөктө жатып калса, намазды туруп окууга күчү жетпесе да оозун ачса болот [2]. Бул жерде тажрыйбага же тажрыйбалуу дарыгердин көрсөтмөсүнө таянышат. Айыгып кеткенден кийин орозосунун казасын толуктайт. Алла Таала Куранда мындай дейт:
فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ
«Силерден ким ооруп калса же сапарда болсо, башка күндөрү орозо кармайт» [3].
Бирок Рамазан айында бардык ооруларга ооз ачууга уруксат берилбейт. Кээде орозо кармоо оорулууга даба болушу мүмкүн. Анткени орозонун көптөгөн ооруларга шыпаа экени илимий жактан да далилденген [4].
Суроо: Карыларга жана өнөкөт оорусу бар адамга орозо кармабоого болобу?
Жооп: Жылдын башка мезгилинде да орозо кармай албаган карыяга жана өмүр бою айыкпаган өнөкөт оорусу бар адамга орозо кармабоого уруксат берилет [5]. Аларга казасын толуктоо да милдет эмес. Аларга күнүнө бир муктажды орозо каффараты сыяктуу (эртең менен жана кечинде) тамактандыруу важиб болот [6]. Бул тууралуу Алла Таала мындай деген:
وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍۖ
«Орозо кармоого күчү жетпегендер (карылар жана өнөкөт оорулуулардын ар бир күнүнө) фидия катары бир муктаждын (бир күндүк эки маал) тамагын (же анын акчасын) беришет» [7].
Ибн Аббас бул аятты орозо кармай албаган карыя эркек жана кары аял деп түшүндүргөн [8].
Фидия – (орточо эсеп менен) бир адамдын күнүмдүк (эртең менен жана кечинде) тоюп жеген тамагы [9]. Фидияны фитир садакасы өлчөмүндө да эсептөөгө болот. Фидияны Рамазан айынын башында же аягында берсе болот [10].
Бир нече күндүн фидиясын бир адамга же бир нече адамга бөлүп берүүгө болот. Бул садака эл ичиндеги жакырларга, турмушу начар көп балалуу үй-бүлөлөргө, абалы оор майыптарга берилет. Фидия берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, андан да бошотулат. Алла Тааладан кечирим тилейт [11].
Эгер оорулуу кийин өнөкөт оорусунан айыгып кетсе, алсырап калган адам күч топтосо, үзүрү жоголот да, мурда берген фидиясы жараксыз болуп калат [12]. Башкача айтканда, мурдагы орозолорунун казасын толуктайт. Анткени фидия берүү үчүн оорунун алсыздык, дарт абалы өлгөнгө чейин улануусу шарт [13].
Суроо: Кант оорусу менен ооруп, орозо кармай албаса эмне кылуу керек?
Жооп: Оору – орозо кармабоого уруксат берген үзүрлөрдүн бири. Имам Насафи «Канзу ад-Дакаик» китебинде: «Оору күчөп кетишинен корксо, оозун ачууга уруксат» [14], – деген.
Бирок бул ооруларды экиге бөлөбүз:
Биринчи: Айыгып кетүүчү оору. Мындай учурда ооз ачууга болот. Айыккандан кийин казасын толуктайт. Алла Таала «Бакара» сүрөсүнүн 184-аятында: «Ким ооруп же сапарда болуп орозо кармай албаса, (каза болгон күндөрүн) башка убакта кармайт», – деген.
Экинчи: Орозо кармоого күчү жетпеген өнөкөт (хроникалык) оору. Бул учурда орозо кармабай, ар бир күнүнө фидия берет. Алла Таала жогорудагы аяттын уландысында: «Орозо кармоого күчү жетпегендер (карылар жана өнөкөт оорулуулардын ар бир күнүнө) фидия катары бир муктаждын тамагын беришет», – деген.
«Рамазан орозосуна байланыштуу фатвалар» китебинен
[1] «Радду ал-Мухтар», 3/403-404.
[2] «Ал-Фатава ат-Татархания фил-фикхи ал-ханафи», 2/114.
[3] «Бакара» сүрөсү, 184-аят.
[4] Абдулхамид Махмуд Тухмаз, «ал-фикх ал-ханафи фи саубихи ал-жадид», 1/437.
[5] «Радду ал-Мухтар», 3/410. Абдулхамид Махмуд Тухмаз, «ал-фикх ал-ханафи фи саубихи ал-жадид», 1/442.
[6] «Ал-Хидая шарху бидаяту ал-мубтади маа шархи ал-аллама Абдулхаи ал-Лакнауи», 2/270. «Радду ал-Мухтар», 3/410.
[7] «Бакара» сүрөсү, 184-аят.
[8] Ат-Таханауи, «Иглау ас-сунан», 6/2891. Бухари, №4505.
[9] «Фатава ат-Тарахания», 2/117.
[10] «Радду ал-Мухтар», 2/427. «Ал-Бахр ар-райык шарху канз ад-дакаик», 2/308.
[11] Абдулхамид Махмуд Тухмаз, «ал-фикх ал-ханафи фи саубихи ал-жадид», 1/442-443.
[12] «Ал-Фатава ал-хиндия», 1/227.
[13] «Ал-Хидая шарху бидаяту ал-мубтади маа шархи ал-аллама Абдулхаи ал-Лакнауи», 2/270. «Радду ал-Мухтар», 3/410.
[14] «Канзу ад-дакаик», 28-бет.
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.