Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көрүү мүмкүн нерсе. Бул тууралуу бир нече хадистер да келген. Жалпысынан Алланын элчисин түшүндө көрүүнүн көптөгөн пайдалары бар. Алардын айрымдарына токтолуп өтсөк.
1. Ким түшүндө Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) көрсө, демек бул — чын түш. Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көргөн адам чындыгында эле Пайгамбарыбызды көргөн болот. Анткени шайтан каалаган сүрөткө кире алганы менен, Алланын элчисинин келбетине кире албайт. Бул тууралуу хадисте: «Ким мени түшүндө көрсө, ал чын эле көргөнү. Анткени шайтан менин келбетиме кире албайт» , — деп айтылган. Бирок айрым аалымдар Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) сыпаттары менен көргөндө гана бул чыныгы түш болот дешкен.
2. Түшүндө көргөн адам аны өңүндө да көрөт. Хадисте: «Ким мени түшүндө көргөн болсо, мени өңүндө да көрөт же мени өңүндө көргөндөй болот» , — деп айтылган. Бирок бул да аалымдардын арасында талаштуу маселе. Айрым аалымдар Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) нурун көрөт десе, башкалары Кыяматта көрөт деп айтышат.
3. Ким Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көрсө, анын өмүрүнүн аягы жакшы болот. Ошондой эле эгер Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көргөн адам кедей болсо, Алла Таала анын мүлкүнө береке берет. Кайгырып жүргөндүн кайгысы кетет. Ооруган адам шыпаа табат, жана башка көптөгөн пайдалары бар. Бирок түшүндө Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) көргөн адам сахаба болуп эсептелбейт .
Алланын элчисин (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көрүү — чоң ырыскы жана чоң бакыт. Алла Таала Пайгамбарыбызды бул дүйнөдө да, акыретте да көрүүдөн куру калтырбасын! Алла Таала Пайгамбарыбызды (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) түшүндө көрүү бактысын ар бир мусулманга насип кылсын!
Медет КУРМАШ уулу
«Иман» журналы, №9, 2024-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.