Намаз убактысы
Акидаky

ПАЙҒАМБАРГА ВАХИЙ КАНТИП КЕЛГЕН?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Алла Тааладан пайгамбарларга түз же болбосо периште аркылуу келген так маалыматтарга «вахий» деп аталат. Куранда Алла Тааланын арага, Мусанын апасына, Исанын жолдоочуларына, периштелерге, жерге жана асмандын жети кабатына вахий кылганы айтылат.

Ошондой эле Адам атадан баштап бардык пайгамбарларга (аларга Алланын саламы болсун) вахий келген. Бул тууралуу Куранда мындай деп айтылат:

«Нух жана андан кийинки пайгамбарларга вахий кылганыбыздай, сага да (Мухаммад) вахий кылдык. Ошондой эле Ибрахимге, Исмайилга, Исхакка, Жакып жана анын урпактарына, Исага, Айюбга, Юнуска, Харунга, Сулайманга да вахий кылдык. Даудга Забурду түшүрдүк», – деп айтылат («Ниса» сүрөсү, 163-аят).

Мындан тышкары «Сага ушул Куранды вахий кылуу аркылуу аңгемелердин эң жакшысын баяндайбыз» деп Курандын вахий аркылуу түшкөнү айтылат («Юсуф» сүрөсү, 3-аят).

Вахий кандай болору жана кандай таасир этери бизге белгисиз. Ал – Алла менен пайгамбар ортосундагы сырдуу сүйлөшүү абалы. Кээде вахий чыныгы түш түрүндө келет, кээде Жабрейил периште адам кейпинде же өзүнүн түрүндө келип, вахий жеткиргени айтылат. Ал эми Миражда Урматтуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) парда аркылуу Алла Таала менен сүйлөшүп, беш маал намазды, «Бакара» сүрөсүнүн акыркы эки аятын алганы белгилүү.

Айша энебизден (андан Алла ыраазы болсун) жеткен хадисте Харис ибн Хишам Хак элчисинен (ага Алланын салаваты жана саламы болсун): «Сизге вахий кантип келет?» – деп сурайт. Анда Алланын элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

«Кээде коңгуроонун үнүндөй болуп келет, бул мага абдан оор тиет, бирок айтканын түшүнүп алгандан кийин жеңилдеп калам. Кээде периште адам кейпинде келип сүйлөйт, мен анын айтканын түшүнүп алам»

, – деп жооп берет. Айша энебиз (андан Алла ыраазы болсун) мындай дейт: «Катаал суук бир күнү ага вахий келгенин жана андан (вахий) ажыраганда маңдайынан муздак тер чыкканын көрдүм», – деп айтылат (Тирмизи).

Ишенимдүү хадистерде «Пайгамбарыбызга (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) вахий келгенде, катуу тынчсызданып, жүзү аппак болуп кетчү. Ошондой эле Хак элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) вахий келгенде башын ылдый салып турчу. Сахабалар да баштарын ылдый түшүрүшчү. Вахий кетип калгандан кийин башын кайра көтөрчү» деп айтылат (Муслим).

Даярдаган Хасан АМАНКУЛ

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.