Намаз убактысы
Тамак-аш (халал/арам)ky

СПИРТ КОШУЛГӨН ТААМДЫ ЖЕГЕНГЕ БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Азыркы учурда көптөгөн дары-дармек, атыр, азык-түлүк сыяктуу буюмдардын курамына белгилүү бир өлчөмдө спирт кошулат. Спирт кошуунун максаты – айрым заттарды эритүү жана узак убакытка сактоо болуп саналат.

Имам Аъзам Абу Ханифа (Алла ага ыраазы болсун) мазхабында жүзүм жана курмадан жасалган шарап – нажис жана харам. Техникалык же медициналык спирттер адамды мас кылгандыктан харам деп эсептелет, бирок синтетикалык же ферментация жолу менен алынгандыктан, нажиске кирбейт.

Спирт кандай гана түрү болбосун, эгер ал тамакка кошулуп, курамы өзгөрбөсө, шариат боюнча мындай тамакты колдонууга уруксат берилбейт.

Алла элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Мас кылуучу ичимдиктин азы да, көбү да – харам» (Тирмизи) деп айткан.

ҮКҮМ:

  • Тамакка кошулган спирт курамы өзгөрбөсө, андай тамактарды же таттууларды жегенге болбойт.

  • Тамактагы спирт курамы өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн лаборатория адистеринин корутундусу менен гана аныктоого болот.

КМДБ Аалымдар кеңеши

«Мунара» гезити, №17, 2020-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.