Намаз убактысы
Ибадатky

СУЛЫҚПЕН ДӘРЕТ АЛУГА БОЛОБУ МҮМКҮНБҮ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Алла Таала Куранда мындай дейт:

«Эй, ыйман келтиргендер! Намазга турганга чейин жүзүңөрдү жана колдоруңарды чыканакка чейин жуугула. Башыңарга масих тарткыла. Бутуңарды да таманга чейин жуугула», – деп буйрук кылган («Маида» сүрөсү, 6-аят).

Демек, даараттын парздары – үч мүчөнү (жүздү, эки колду жана эки бутту) жуу жана башка масих тартуу. Колду жууганда чыканакты кошо жууш керек, бутту жууганда таманды кошо жууш керек (Хидая, 1/287).

Даарат алууда жуулуучу мүчөлөргө суу тийиши (агышы) шарт. Даарат суусу денеден бөлүнүп, тамчы сыяктуу акпаса, даарат туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан кышында кар менен даарат алганда, кардын суусу денеден бөлүнүп, жок дегенде эки же андан көп тамчы болуп агышы керек. Болбосо, алынган даарат туура эмес деп айтылат. Бирок Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча, суунун денеден бөлүнүп тамчылап түшүшү шарт эмес (Фатава Хиндия, 1/53).

Ханафи мазхабынын фыкых жана фатва китептеринде «тырмак узун болуп, манжанын учун жаап турса, тырмактын астына суу жеткирүү милдет», «манжага тагылган шакек тар болсо, даарат алганда аны кыймылдатуу же чечүү керек», «дааратта же гусулда жуулуучу мүчөгө ылай же камыр жабышса, анын түбүнө суу жеткирүү важип» деген фатвалар айтылган (Фатава Татархания, 1/41). Ошондуктан даарат алганда сөзсүз денеге суу куюлушу керек.

Асты дааратка кагаз колдонуу тууралуу Мисир муфтийи доктор Шавки Аллам мындай дейт:

«Даараткана кагазы, адатта, суу, сыя, суюк май сыяктуу агып турган нерселерди соруу, сүртүү, кургатуу жана тазалоо үчүн колдонулат. Ал фыкых аалымдары айткан асты дааратка колдонулуучу кездеме, териге же пахтага окшош. Кесекке кыя салыштырмалуу, шариат даараткана кагазы сыяктуу атайын кагаздарды асты дааратка колдонууга уруксат берет. Илгери кесек кандай кеңири колдонулса, азыр да даараткана кагазы ошондой кеңири колдонулат», – деп түшүндүрөт («Дар ул-ифта ал-мисрия» сайтынан).

Сөөк, кык, айнек сыяктуу нерселер менен асты даарат алуу – макрух (Фатава Хиндия, 1/105).

Ошондуктан нымдуу сулук (влажные салфетки) менен даарат алуу жарабайт, ал эми асты дааратка колдонуу макрух болуп эсептелет.

Даярдаган Хасан АМАНКУЛ

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.