Тахник – жаңы төрөлгөн ымыркайды эмизбей туруп, анын таңдайын кургак хурма же таттуу нерсе менен сүртүү. Бул – Пайгамбарыбыздан (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) келген сүннөт амал.
Абу Муса ал-Ашгари (Алла андан ыраазы болсун) уулу төрөлгөндө аны Пайгамбарыбызга (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) алып барат. Урматтуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) анын атын Ибрахим деп коюп, хурма менен таңдайын сүртүп, береке тилеп, дуба кылат. Ошондой эле дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз Абу Талханын (Алла андан ыраазы болсун) уулу төрөлгөндө бир нече хурманы чайнап, анан аны ымыркайдын оозуна салып, таңдайын сүрткөнү айтылат.
Хафиз ибн Хажар «Фатху ал-Бари» (9/588) китебинде: «Тахник деген – бир нерсени чайнап, ымыркайдын оозуна салып, таңдайын сүртүү. Мунун максаты – ымыркайдын ооз булчуңдарын бекемдеп, эмүүгө, жегенге даярдоо. Эң жакшысы хурма. Хурма табылбаса, таттуу нерсе менен таңдайын сүртөт. Таттуу нерселердин ичинен бал башкаларга караганда артык», – деген.
Илим менен технология өнүккөн заманда Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) сүннөтүнүн айрым илимий жактары ачылууда. Медицина адистери ымыркай, айрыкча эрте төрөлсө, организминде глюкозага муктаждык болорун айтышат. Ошондуктан бала эмбей калат, өсүүсү жайлайт, мээси жабыркап, өнүкпөй калат, башка да көптөгөн ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Ал эми хурма же таттуу нерсе менен тахник жасоо аркылуу жетишпей жаткан глюкоза толукталат. Анткени хурма глюкозага бай.
Ошондой эле жогоруда хадистерде айтылгандай, сахабалар тахникти Пайгамбарыбызга (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) жасатышкан. Бул жерде табаррук да бар. Анткени Анас бин Маликтин (Алла андан ыраазы болсун) билдирүүсүндө Умму Салим төрөгөндө: «Эй, Анас! Бул баланы Пайгамбарыбызга (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) алып барып, тахник кылдырмайынча, эч нерсе жедирбегиле», – деген. Имам ан-Навави бул хадистин пайдасы тууралуу: «Бала төрөлгөндө аны салих, кадырлуу адамдарга алып барып, таңдайын хурма менен сүртүү керек», – деген (Шарх ан-Навави ала Муслим 14/100).
Мына ушундай эле биздин элибизде да ымыркайдын оозуна оозу дуалуу аксакалдарга, баатырларга, билерге түкүртүү салты бар. Акылман ата-бабаларыбыздан калган бул салттын да түпкү негизинде сүннөт амал жатканын айтууга болот. Мындагы максат – бала чоңойгондо ошондой кадырлуу, үлгүлүү адам болсун деген тилек.
Медет КУРМАШ уулу,
КМДБ Шариат жана фатва бөлүмүнүн адиси
«Иман» журналы, №2 , 2024-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.