Намаз убактысы
Үй-бүлө жана никеky

«Талақ» менен «ажырашам» деген сөз бирдейби?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Жооп: Талақ – араб тилинде «бошотуу, эркин коюу» дегенди билдирет. Шариаттагы мааниси: «Бул – атайын сөздөр менен нике байланышын бузган шариаттык өкүм» [1].

Талақ экиге бөлүнөт:

  1. Сарих (ачык) айтылган талақ. Бул эч кандай ниетке каралбайт, сөзсүз түрдө аялга карата ачык айтылат. Мисалы, «Сен талақсың!», «Сен талак кылындың!» деген сыяктуу «талақ» сөзүнөн алынган маанидеги сөздөр менен айтылышы керек [2].

Ханафи мазхабында никени бузууга гана колдонулган сөздөр «сарих (ачык айтылган) талақ» болуп эсептелет. Имам аз-Зайлаги: «Сарих – негизги мааниси ачык, максаты даана болгон сөз, түз же кыйыр мааниде болсо да уккан адам дароо түшүнгөн сөз» деп айткан [3].

  1. Киная (кыйыр айтылган) талақ. Буга талакты да, башка маанилерди да камтыган сөздөр кирет. Ошондуктан бул сөздөр айтылганда ниет талақ болсо гана талақ түшөт, эгер ниет башка болсо талақ түшпөйт. Мисалы, күйөөсү аялына «үйүңө бар» десе, бул сөз «ата-энеңди көрүп кел» же «ажыраштым, үйүңө кет» деген мааниде болушу мүмкүн [4].

Ошондуктан кыргыз тилинде ажырашуу никени бузууга арналган сөз болгондуктан, талақ сөзү менен мааниси бир деп эсептелет.

КМДБ Шариат жана фатва бөлүмү

  • [1] Марғинани, «әл-Һидая шарху бидаяти әл-мубтади». 3/150.

  • [2] Мухаммад Абу Захра, «әл-Ахуалу әш-шахсия». 296.

  • [3] «Тәбиину әл-хәқайық шәрху кәнзи әд-дәқайық», 3/39.

  • [4] Ханафи мазхабында күйөөсү менен аялы талақ тууралуу сүйлөшүп жатканда аялы «мага талақ бер» десе, күйөөсү «үйүңө бар» же «өзүң менен өзүңсүң» деп жооп берсе, ниетине карабастан талақ түшөт (Мухаммад Абу Захра. Әл-ахуалу әш-шахсия. 296-аят.)

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.