Намаз убактысы
Башкаky

ТИК-ТОК ТҮШҮРҮҮГӨ БОЛОБУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Тик-Ток жаңы чыкканына көп боло элек болсо да, бүгүнкү күндө бул колдонмо бүт дүйнөгө тарады. Колдонуучуларынын саны боюнча ютуб, инстаграм, фейсбуктан да ашып түштү. Кыскасы, азыркынын тренди ушул.

Биздин өлкөдө да бул колдонмону колдонгондор күн санап көбөйүүдө. Тик-Токто колдонуучулар даяр аудиолорду колдонуп, кыска видеолорду тартышат. Аны көбүнчө жаштар көңүл ачуу максатында пайдаланышат.

Тик-Токто көбүнчө ачык кийинген кыздар камеранын алдында бийлеп, жигиттер орой жоруктары менен элдин көңүлүн буруп жатканы чын. Жөн гана шылдыңдоо, мазактоо көп. Жаштар муну тамаша катары кабыл алышууда. Куранды, белгилүү адамдарды шылдыңдаган учурлар да болгон. Эмне туура, эмне туура эмес экенин билбеген жаштар арасында алардын аракетин кайталап, жаман адатка азгырылгандар да бар. Ошол эле учурда маанилүү темада видео тарткандар да жок эмес.

Ислам дини заманбап технологияларды, жашоого кирген жаңылыктарды, анын ичинде интернетти колдонууга уруксат берет. Бирок булар шариат чегинде болушу керек. Ошондуктан интернет аркылуу башкалар менен байланышканда, мусулман адам шариат уруксат берген иштерди жасап, тыюу салынган иштерден алыс болууга тийиш.

Алла Таала: «Эй, ыйман келтиргендер! Аллага тийишинче таазим кылгыла жана Ага каршы келүүдөн бар күчүңөр менен сактангыла, ошондой эле (ишинде да, сөзүндө да түз, Аллага берген убадасына бекем) чынчылдар менен бирге болгула!» , – деп буюрган («Тәубе» сүрөсү, 119-аят).

Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Кайда болбо, Алладан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш жаса. Бул (жакшылык) аны (жамандыкты) өчүрөт. Адамдарга көркөм мүнөз менен мамиле кыл!» – деген (Тирмизи).

Интернетте отурган адамдын эң оболу ниети туура болушу керек. Такыба, жакшылык кылуучу жана көркөм мүнөздүү болууга тийиш. Пайдасы жок, маанисиз нерселерден алыс болуу зарыл. Убакытты текке кетирбей, Алла берген өмүрдү барктап, аны туура пайдалануу керектигин жана ар бир мүнөтү үчүн акыретте жооп берерин унутпоо керек. Ошондой эле мусулман адамдын убактысы, күчү, акылы жана зээни пайдалуу иштерге гана жумшалышы зарыл.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Өзүңө пайдасы тийген нерсеге умтул жана Алладан жардам сура!» – деген (Муслим).

Мындан тышкары интернет аркылуу жалган маалымат, сүрөт жана видеолорду таратпоо, алдабоо талап кылынат. Бирөөнү кемсинтүү, мазактоо тыюу салынат. Элди күлдүрүүгө аракет кылуу динибизде жактырылбайт.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Күлкү үчүн болбогон окуяларды ойлоп таап айткан адамдар кандай бактысыз, кандай бактысыз, кандай бактысыз!» – деп эскерткен (Абу Дауд).

Ар-намыс, уят маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени ага кайдыгер мамиле кылуу менен коомдо ар кандай көйгөйлөрдүн башы ачылары анык. Жубайлар ортосундагы уруш-талаш, ажырашуулар, уятсыздык жана азгырык аракеттер мунун мисалы.

Куран Керимде: «Ыйман келтиргендер арасында уятсыздык жайылышын каалагандарга бул дүйнөдө да, акыретте да оор азап бар» , – делет («Нур» сүрөсү, 19-аят).

Ошондуктан Тик-Токко маанисиз, адепсиз, уятсыз видеолорду жүктөө жана ошондой видеолорду көрүү, ошондой эле убакытты текке кетирип отуруу – харам. Мусулман адам мындай иштерден алыс болгону туура.

Хасан АМАНКУЛ,

«Мунара» гезити, №23, 2020-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.