Шариятта курбандыкка төрт түрдүү мал (кой, эчки, уй, төө) союлат. Эчкинин жана койдун бир жаштан өткөнү, ошондой эле алты айдан ашкан токту (кой сыяктуу) чоң, семиз болсо курбандыкка жарактуу.
Уйдун эки жаштан өткөнү, төөнүн беш жаштан өткөнү курбандыкка союлат. Ошондой эле союла турган малдын кемтик, майыптыгы болбошу керек.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) айткан:
لا تَذْبَحُوا إِلا مُسِنَّةً إِلا أَنْ يَعْسُرَ عَلَيْكُمْ فَتَذْبَحُوا جَذَعَةً مِنْ الضَّأْنِ
«(Курбандыкка) жашы толгон малды гана союгула, эгер мүмкүнчүлүгүңөр болбосо, токту союуга уруксат» [1].
Имам ал-Касани мындай дейт: «Төө, уй, койдун жашы толгону курбандыкка жарайт, ал эми токту чоң болсо гана курбандыкка жарактуу» [2].
Имам ал-Майдани мындай дейт: «Ал-жазаъ деп: алты айга толгон токту айтабыз, ал токту алыстан караганда бир жашка толгон койлордон айырмаланбашы керек» [3].
Ошондуктан алты айдан ашкан токту бир жашка толгон койдун денесиндей чоң болбосо, курбандыкка жарабайт.
Элбек Тасболат уулу,
КМДБ Шарият жана фатва бөлүмүнүн адиси
[1] «Муслим», № 1963.
[2] «Бадаиъ ас-санаиъ», 6/299.
[3] «Ал-лубаб шарх ал-китаб», 933-бет.
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.