Намаз убактысы
Курмандыкky

ТӨРТ ТҮЛҮК МАЛДЫН ЗЕКЕТИ КАНТИП БЕРИЛЕТ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Жарым жылдан ашык убакыт жайытта багылган кой, эчки, өгүз, уй, төө, жылкы сыяктуу үй жаныбарларынан да зекет берилет. Үй жумушуна колдонулган малдардан жана эшек, каша, бугу, элик сыяктуу жапайы жаныбарлардан зекет берилбейт.

Кой менен эчкинин нисабы – 40 баш.

  • Койдун (эчкинин) саны

  • 1-39 –

  • 40-120 1 кой (эчки)

  • 121-200 2 кой (эчки)

  • 201-399 3 кой (эчки)

  • 400-499 4 кой (эчки)

Андан кийин ар бир жүздөн 1 кой берилет. Кой менен эчки чогуу эсептелет.

Уйдун нисабы – 30 баш.

  • Карамалдынын саны

  • 1-29 –

  • 30-39 бир жаштагы 1 тана

  • 40-59 эки жаштагы 1 тана

  • 60-69 бир жаштагы 2 тана

  • 70-79 бир жаштагы 1 тана жана эки жаштагы 1 тана

  • 80-89 эки жаштагы 2 тана

  • 90-99 бир жаштагы 3 тана

  • 100-109 бир жаштагы 2 тана жана эки жаштагы 1 тана

  • 110-119 бир жаштагы 1 тана жана эки жаштагы 2 тана

  • 120-129 бир жаштагы 4 тана же эки жаштагы 3 тана

40тан ашып, 60ка жеткенче эки жаштагы 1 танадан башка эч нерсе берилбейт [1]. Андан кийин эсеп ар он уйда өзгөрөт. Уй, өгүз, тана, музоонун баары чогуу эсептелет. Зекетке берилчү тананын эркек же ургаачысы маанилүү эмес.

Төөнүн нисабы – 5 баш.

  • Төөнүн саны

  • 1-4 –

  • 5-9 1 кой

  • 10-14 2 кой

  • 15-19 3 кой

  • 20-24 4 кой

  • 25-35 бир жаштан өткөн ургаачы төө (бинт мәхад)

  • 36-45 эки жаштан өткөн ургаачы төө (бинт ләбун)

  • 46-60 үч жаштан өткөн инген (хиққа)

  • 61-75 төрт жаштан өткөн инген (жәзага)

  • 76-90 эки жаштан өткөн 2 ургаачы төө (бинт ләбун)

  • 91-120 үч жаштан өткөн 2 инген (хиққа)

Андан ары ар беш төөгө 1 кой, ал эми ар 46 жана 50 төөгө үч жаштан өткөн бир инген кошуп берилет.

Жылкыдан да зекет берилет. Жылкылар байтал же айгыр-байтал аралаш болушу жана алардын баасы нисап өлчөмүнө жетиши керек. Андан кийин жылкылар акчалай бааланып, анын 2,5%ы (1/40) зекетке берилет. Жемдеп багылган же минүү үчүн колдонулган жылкыларга зекет берилбейт.

Зекетке тийиштүү малдын ордуна алардын акчасын да берсе болот. Жыл башында нисапка жеткен малы жыл ичинде көбөйсө, зекет жыл аягындагы нисап боюнча эсептелет[2].

Даярдаган Хасан Аманкул

  • [1] «Әл-фәтауа ат-татархания фи әл-фиқһ әл-ханафи», 2/6.

  • [2] «Фатху баб әл-ғиная би шархи китаб ан-нуқая», 2/39.

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0👁 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.