Шарият боюнча ар бир адам өзүнүн тукуму менен аталууга тийиш. Алла Таала Куранда мындай дейт:
ادْعُوهُمْ لِآبَائِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِندَ اللَّهِ
«Асыранды балдарыңарды өз аталарынын аты менен атагыла. Алланын алдында эң туурасы ушул» [1], – деп буйруган.
Ушул аятка таянып, айрым аалымдар турмушка чыккан аялга күйөөсүнүн фамилиясын алууга тыюу салышат [2]. Бирок башка аалымдар аялдын күйөөсүнүн фамилиясын алышы салтта калыптанган жана элге таанытуу максатында болсо, анда уруксат деп айтышат [3]. Анткени Куранда: «Нухтун аялы жана Луттун аялы» [4] деп аялдарды күйөөсүнүн аты менен таанытып жатат.
Абу Саид ал-Худриден (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте: «Масъуд уулунун аялы Зейнеп (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчисине (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) келип (кируге) уруксат сурайт. «Эй Алланын Элчиси! Зейнеп кирүүгө уруксат сурап жатат!» – дешет. Ал: «Кайсы Зейнеп?» – деп сурайт. «Масъуд уулунун аялы», – деп жооп беришет. Ал: «Кирсин», – дейт. Ошондо ага кирүүгө уруксат берилет» [5].
Ошондуктан турмушка чыккан аял өзүнүн атасынын аты менен аталууга тийиш. Аны өзгөртүү – харам. Ал эми күйөөсүнүн фамилиясын алса болот, бирок бул милдет эмес. Күйөөсү да аны өз фамилиясын алууга мажбурлоого акысы жок.
КМДБ Шарият жана фатва бөлүмү
[1] «Ахзаб» сүрөсү, 5-аят.
[2] https://www.fatawah.net/Questions/11366.aspx
[3] Айман Абдулхамит ал-Бадарайни, «Фатава маасара», 2/113-116.
[4] «Тахрим» сүрөсү, 10-аят.
[5] Бухари, №1462. Муслим, №80.
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.