Валюта (акча) алмаштыруу шариатта «сарф» деп аталат. Бул – бир түрдөгү же ар кандай түрдөгү нак акчаны нак акчага сатуу дегенди билдирет. Тараптар ажырашпай туруп, экөө тең акчаны колма-көл бири-бирине өткөрүшү шарт. Колма-көл өткөрүлгөн бөлүгүндөгү сарф (акча соодасы) туура деп эсептелет («Фатху бабил ғыная», 2/729).
Илгери негизинен алтын (динар) менен күмүш (дирхам) алмаштырылган, азыр болсо ар кандай мамлекеттердин валюталарынын ортосунда алмаштыруу операциялары кеңири колдонулат.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун): «Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга теңме-тең, колма-көл (алмаштырыгыла). Эгерде булардын түрү ар башка болсо, колма-көл алуу шарты менен каалагандай сата бергиле», – деген (Муслим).
Демек, бир түрдөгү акчаны, мисалы, сомду сомго же долларды долларга алмаштырганда үстөк менен алууга болбойт жана алмаштыруу операциясы ошол жерде колма-көл жүргүзүлүшү шарт. Көбүнчө мындай алмаштыруу акчаны майдалоо же чоңойтуу үчүн колдонулат.
Абу Минһалдан (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылынат: «Бара ибн Газибтен сарф (акча алмаштыруу) тууралуу сурадым. "Зайд ибн Аркамдан сура, ал жакшы билет", – деди. Зайддан сурасам: "Барадан сура, ал жакшы билет", – деди. Анан экөө: "Алланын элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) күмүштү алтынга карызга сатууга тыюу салган", – дешти. Бирок колма-көл болсо, эч нерсе эмес. Эгер карыз болсо, туура эмес», – делет (Бухари, Муслим). Хадистин маанисине ылайык, эки башка валютаны алмаштырганда колма-көл болушу керек, ошондой эле бул жерде карызга берүүдөн так баш тартуу шарт. Муну сактабаса, риба (өсүмкорчулук) кирет.
Малик ибн Аустан (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылынат: «Мен жүз динарды сарф кылмакчы болдум. Талха ибн Убайдулла мени жанына чакырып, экөөбүз макулдаштык, ал мага акчамды алмаштырып бермек болду. Алтынды алып, колунда айлантып: "Казыначым токойдон келсин", – деди. Муну угуп турган Омар: "Аллага ант берем, андан (акчаңды толук) албай туруп, кетпе. Алланын элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун): "Алтынды алтынга (алмаштыруу) – риба. Бирок, "мыне, мыне" болсо, анда башкача" , – деди (Бухари).
Демек, алгач макулдашып, колма-көл албай же бири алып, экинчиси албай туруп тарап кетсе, макулдашуу жокко чыгат. Анткени эки учурда тең колма-көл алуу шарты аткарылган эмес. Мындай алмаштыруу рибага окшоп калат. Эң негизгиси, тарап кетпесе болду, убакыттын өтүшү эсепке алынбайт. Бирге укташса да, бирге жүрүшсө да жарай берет. Бирок тарап кеткенде соода (макулдашуулар) бузулат. "Мыне" деп бири алтынды бериши керек, экинчиси да ошол отурган жеринде тарап кетпей туруп "мыне" деп, күмүштү колуна кайтарышы керек.
Бул өкүм келечектеги терс жагдайлардын алдын алуу үчүн шариатта белгиленген. Болбосо айрым алдамчыларга жол ачылышы мүмкүн. Мисалы, бир тарап акчаны алып, "азыр же эртең алып келип берем" деп, алган акчаны дароо "айланта" баштайт. Же экинчи тарап акчасын берүүнү кечиктириши мүмкүн. Ошентип, ортодо талаш-тартыш чыгат. Бир тарап акчасын убагында албай зыян тартат. Ал эми экинчи тарап акчадан пайда көрөт. Зыян тарткан тарап акысын талап кыла баштайт. Акысын алса – риба, албаса – ичинен кыйналат.
Хасан АМАНКУЛ,
«Мунара» гезити, №5, 2023-жыл
Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.