Намаз убактысы
Курмандыкky

Зәмзәм суусу эмне үчүн ыйык?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Зәмзәм – Ибрахим пайгамбардын (ага Алланын саламы болсун) уулу Исмайылдын (ага Алланын саламы болсун) суусунун кануусу үчүн Алла Таала зәмзәм кудугунан чыгарган суу. Зәмзәм суусунун тарыхы да ушул жерден башталат.

Ибрахим (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар Алланын буйругу менен жубайы Ажар энебизди жана уулу Исмайылды чөлдө калтырат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бала ачкалыктан жана суусагандыктан ыйлай баштайт. Ажар энебиз суу издеп, Сафа менен Марва дөңсөөлөрүнө чыгып, Аллага дуба кылып, ары-бери жети жолу чуркайт. Ошондо Алла Таала Жабраилди (ага Алланын саламы болсун) жиберет. Ал зәмзәм кудугунун ордун канаты менен урат, ошол жерден суу атырылып чыга баштайт. Ошентип зәмзәм кудугу пайда болот.

Бул кудук ыйык Мекке шаарында Каабанын түштүк-чыгыш тарабында, кара ташка (Хажар ул-Асуад) каршы жайгашкан. Зәмзәм сөзүнүн бир нече тилдик мааниси бар.

  • Биринчи, «зәмзәм» сөзү «көп» деген мааниде. Тактап айтканда, бул кудуктун суусу көп болгондуктан, «зәмзәм» деп аталган. Канчалаган жылдан бери Каабага тауап кылып келген ажылар бул сууну ичип эле тим болбостон, мекенине да алып кетишет, бирок суу азайган эмес. Ошондой эле зәмзәм суусу кыяматка чейин түгөнбөйт. Табигин доорунун улуу аалымы Даххак ибн Музахимден келген риваятта:

    «Кыямат жакындаганда бардык тузсуз суулар жерге сиңип жок болот. Бир гана зәмзәм суусу калат»

    , – деп айтылган.

  • Экинчиден, «жыйнал», «токто» деген маанини билдирет. Тактап айтканда, Ажар энебиз жерден токтобой чыгып жаткан сууга «зәм, зәм», башкача айтканда, «токто, токто» деп колу менен токтотууга, жыйноого аракет кылганда суу жай агып баштаган. Ибн Аббастан (ага Алла ыраазы болсун) келген риваятта:

    «Булакты Ажар колу менен тоскондо, суу жайылып, айлана-тегерегин каптап кетмек»

    , – деп айтылган.

Алла Таала зәмзәм суусуна өзгөчө касиет берип, аны башка суулардан артык кылган.

  • Биринчи, зәмзәм суусу – жер жүзүндөгү бейиш булактарынын бири. Ибн Аббастан (ага Алла ыраазы болсун) келген риваятта:

    «Зәмзәм – бейиш булактарынын бири»

    , – деп айтылган.

  • Экинчиден, дүйнөдөгү өзгөчө ыйык суу. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

    «Дүйнөдөгү эң жакшы суу – зәмзәм суусу»

    , – деп айткан. Ошондуктан периштелер Пайгамбарыбыздын жүрөгүн ушул зәмзәм менен бир нече жолу жууп тазалашкан.

  • Үчүнчүдөн, зәмзәм суусу ичкен адамдын курсагын тойгузат. Алла элчисинин (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) тарбиячысы болгон Умму Айман мындай дейт:

    «Пайгамбарыбыздын эч качан «курсагым ач, суусадым» деп айтканын уккан эмесмин. Зәмзәм суусун ичип алчу. Тамак сунушталса, «тойгом» деп жооп берчү»

    , – дейт.

  • Төртүнчүдөн, зәмзәм суусун кандай ниет менен ичсе, ошол аткарылат. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

    «Зәмзәмди кандай ниет менен ичсең, ошол болот. Оорума шыпаа болсун деп ичсең, Алла Таала сага шыпаа берет. Жардам тилеп ичсең, Алла сага жардам берет. Курсагыңды тойгузуу үчүн ичсең, Алла сени тойгузат. Суусунуңду кандыруу үчүн ичсең, Алла суусунуңду кандырат»

    , – деп айткан. Имам Навави бул хадиске түшүндүрмө берип мындай деген: «Ким бир муктаждыгы үчүн зәмзәм ичсе, ага жетет. Ислам аалымдарынын айрымдары тажрыйба жасап, дүйнөлүк жана акыреттик муктаждыктарын ниет кылып ичишкен. Алла Тааланын каалоосу менен ошол ниетине жетишкен», – дейт. Ибн Хузаймага (ага Алла ыраазы болсун): «Бул илимге кантип жеттиң?» – деп сурашканда: «Зәмзәм суусун ичкенде Алладан пайдалуу илим сурадым», – деп жооп берген.

  • Бешинчиден, тоюп ичүү мунафыктыктан сактайт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун):

    «Зәмзәм суусун тоюп ичүү мунафыктыктан сактайт»

    , – деп айткан. Башка хадисте:

    «Биз менен мунафыктардын ортосундагы белги – алар зәмзәм суусун тоюп иче алышпайт»

    , – деп айткан. Зәмзәм суусу менен даарат алууга, гусул алууга болот. Бирок аны ич даарат алууга, нажасты кетирүүгө колдонууга болбойт.

Медет КУРМАШ уулу

«Иман» журналы, №6, 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.