Намаз убактысы
Курмандыкky

ЗЕКЕТ АЛУУГА КИМДЕР УКУКТУ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Шарият боюнча күнүмдүк турмушта колдонулуучу негизги муктаждыктарынан жана карызынан тышкары, нисаб өлчөмүнө жеткен байлыгы бар, акыл-эси жайында болгон, балигат жашына жеткен ар бир мусулманга жылына бир жолу зекет берүү – парз. Зекет берилүүчү адамдарды Алла Таала Куран Керимде «Тәубе» сүрөсүнүн 60-аятында мындайча белгилеген:

«Чындыгында садакалар (зекеттер) кедейлерге, муктаждарга, зекет чогултуучуларга, жаңы мусулман болгондорго, кулдарга, карызга баткандарга, Алла жолунда жүргөндөргө, жолоочуларга берилет», – деп айтылган.

Зияд бин Харистен (Алла андан ыраазы болсун) жеткен хадисте бир адам Пайгамбарыбыздан (ага Алланын салам-салаваты болсун) өзүнө зекет берүүсүн суранганы айтылат. Ошондо Алланын Элчиси мындай деген:

«Алла Таала зекет маселесинде Пайгамбарга да, башкага да өкүм чыгарууга ыраазы болбойт. Анткени Куранда зекетти сегиз түрдүү топ алат деп айтылган. Эгер сен ушул сегиз топтун бирөөсүнө кирсең, сага өз укугуңду беремин»

Демек, зекет сегиз түрдүү топко берилет. Алар – кедейлер, муктаждар, зекет чогултуучулар, исламга жаңы киргендер, эркиндиги үчүн аракет кылган кулдар, карызга баткандар, Алла жолунда жүргөндөр жана жолоочулар.

Зекетти башка дин өкүлдөрүнө (мусулман эмес адамдарга), байларга жана байлардын балдарына, ата-энесине, чоң ата-чоң энесине, өз тукумуна (балдарына, неберелерине) жана жубайлар бири-бирине берүүгө болбойт.

Жалпысынан зекетти (садака) эң оболу бир туугандарына жана алардын балдарына, ата жагынан агаларына, таежелерине жана алардын балдарына, таякелерине, таежелерине жана алардын балдарына, туугандарына, кошуналарына, бирге иштегендерге жана бир айылда же шаарда жашагандарга (эгер алар зекет алууга укуктуу болсо) берген жакшы.

Садака, зекет бергенде, жогоруда айтылгандай, биринчи кезекте туугандарынан, кошуналарынан баштоо керек. Эгер туугандары, кошуналары зекет алууга укуктуу болбосо, анда ошол жердеги кедейлерге жана башка зекет алууга укуктуулардын арасында бөлүштүрүү зарыл. Зекетти эч себепсиз башка жакка жөнөтүү макрух болуп эсептелет. Эгер башка жерде зекетке муктаж тууганы же башка зарыл себеп болсо, анда зекетти башка жакка жөнөтүүгө уруксат берилет.

Медет КУРМАШ уулу,

КМДБ Шарият жана фатва бөлүмүнүн адиси

«Иман» журналы, №12, 2023-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.