Намаз убактысы
Дуба жана зикирky

ЗИРАТ БАШЫНДА КАНДАЙ АЯТТАР ОКУЛАТ?

Shejire Editorial

ЖоопEditorialShejire Editorial

Зират – бул маркумду жерге коюу үчүн белгиленген, бир коомго тиешелүү жер. Кабырга барып, маркумду эскерип, сабак алуу жана аларга дуба кылып, Куран окуп, сообун багыштоо максатында зыярат кылынат.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) мындай деген: «Мен башында силерге кабырларды зыярат кылууга тыюу салгам. Эми болсо зыярат кыла бергиле», – деп айткан (Муслим). Дагы бир хадисте: «Кабырды зыярат кылуу акыретти эске салат», – деп айткан (Тирмизи).

Кабырды зыярат кылуунун өзгөчө адептери бар. Ошол адептердин бири – кабырдын башына барганда Куран аяттарын окуп, сообун маркумга багыштап, дуба кылуу. Зиратта Куран окуп, дуба кылууну төрт мазхабдын аалымдары жактырган. Мусулман адам кабырга барганда өзү билген, жаттаган сүрөлөрүн, аяттарын окуйт. Бирок төмөндөгү сүрөлөрдү, аяттарды окуу тууралуу хадистерде жана асарларда (сахабалар менен табииндердин сөзү) айтылган.

  1. «Йасин» сүрөсүн окуу. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

    «Йасин» – Курандын жүрөгү. Ким аны Алланын ыраазычылыгы жана акырет үчүн окуса, сөзсүз күнөөсү кечирилет. Дүйнөдөн өткөндөрүңөргө да «Йасин» сүрөсүн окугула»

    , – десе, башка риваятта:

    «Өлгөндөрүңөргө «Йасин» сүрөсүн окугула»

    , – деп айткан. Мисирдин мурдагы муфтийи, доктор Али Жума: «Маркумга окула турган эң жакшы сүрө – «Йасин». Себеби бул сүрөнү окуу анын кабыр азабын жеңилдетет жана кабырын нурлантат», – деген.

  2. «Фатиха», «Бакара» сүрөсүнүн алгачкы 5 аяты жана акыркы аяттарын окуу. Абдулла ибн Омардан (ага Алла ыраазы болсун) жеткен риваятта:

    «Мен Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) мындай дегенин уктум: «Араңарда бирөө каза болсо, аны көпкө күттүрбөй, тезирээк кабырга коюгула. Жерге берилгенден кийин бирөөңөр башында туруп «Фатиха» сүрөсүн, бут жагында туруп «Бакара» сүрөсүнүн акыркы бөлүгүн окугула»

    , – деп айткан. Башка риваятта:

    «Фатиха»нын ордуна «Бакара» сүрөсүнүн алгачкы аяттарын окугула»

    , – деп келген.

  3. «Фатиха», «Ыхлас», «Такасур» сүрөлөрүн окуу. Хадисте:

    «Ким мазарга киргенде, «Фатиха» сүрөсүн, «Кул һуу Аллаху ахад» сүрөсүн, «Ал-хаакумут такасур» сүрөсүн окуп, андан кийин: «Алла, Сенин каламыңдан окуганымдын сообун ушул кабырдагы момун эркек жана момун аялдарга багыштадым» десе, алар ага шапаатчы болушат»

    , – деп айтылган. Ошондой эле «Фалак», «Нас» сыяктуу сүрөлөрдү окуу тууралуу да асарлар бар. Ханбали мазхабынын аалымы Хафиз ал-Макдиси: «Бул хадистердин даражасы алсыз болсо да, кабыр башында Куран окуунун динден негизги бар экенине далил. Мусулмандар ар дайым дүйнөдөн өткөн маркумдарга Куран окуп келишкен», – деген.

Жыйынтыктап айтканда, ахлу сунна ишенимине ылайык, дүйнөдөн өткөн маркумдарга Куран окуп, сообун багыштаса, сообу аларга жетет.

Медет КУРМАШУЛУ,

Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын Шариат жана фатва бөлүмүнүн адиси

«Иман» журналы, №2, 2024-жыл

Бул мазмун жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалып, редактор текшерген.

Бул жердеги жоопторду колдонуучулар жазат, алар расмий фетва эмес. Милдеттүү өкүм үчүн ыйгарым укуктуу дин кызматкерине кайрылыңыз.

👍 0👎 0💬 0
Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок.